Ар башка фирмаларда жана өлкөлөрдө чыгарылган төлөм терминалдары аны пайдалануу адатына бизди эбак эле көндүрүп койгон. Бүт өлкө боюнча кызмат жабдуучулардын өздөрүнүкү, ошондой эле коммерциялык банктардыкы болуп миңден ашык терминал орнотулган. Бүгүн биз кызмат жабдуучу кардарга канчалык деңгээлде кам көрөрү туурасында айтып берген бир нече учурду карап өтөлү.

  1. Комиссиянын болушу/болбошу. Акы төлөнүүчү кызмат үчүн комиссиянын болушу жана болбошу жөнүндөгү билдирүү купюраны купюра кабыл алуучу тешикке киргизгенге чейин пайда болот.
  2. Процессинг (транзакциянын тездиги). Кардарлар үчүн төлөм кызмат жабдуучуга өз убагында жетүүсү маанилүү. Транзакция жүргүзүүнүн тездиги терминалдын сапаты туурасында айтып турат, ошондо гана кардардын ыңгайлуулугу жөнүндө сөз кылууга болот.
  3. Заманбап инкассация – төлөм терминалынын ар дайым жана үзгүлтүксүз иштешинин маанилүү жана ажырагыс бөлүгү. Терминалдардын ээлери өз убагындагы инкассация жана чыгым материалдарын алмаштыруу керек экенин жакшы билишет. Себеби, купюра кабыл алгычтын кассетасы толуп калышы купюраны кабыл албай калышына алып келиши мүмкүн. Бул кардардын бул же тигил кызмат үчүн төлөм жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылат.
  4. Купюра кабыл алгычтын сапаттуу иштеши. Купюраны кабыл алгычтын башкы милдети— купюранын номиналын жаңылбастан таануу, алардын аныктыгы жана абалы. Жасалма жана эскирген купюраны ээсине кайтарып берүү. Купюра кабыл алгычтар тез иштеши, таануу деңгээли жана купюра салгычтын кенендиги боюнча айырмаланат.
  5. Чек берүү. Терминал чек басып чыгаруусуз операция жүргүзүүнү сунуштаса, операция жүргүзүүдөн баш тартыңыз. Мындай сунуштар терминалда чекти чыгаруу үчүн лента түгөнүп калганда болот. Чек жок болсо сиз төлөм жүргүзгөңүңүздү далилдөө таптакыр мүмкүн эмес. Терминал берген бардык чектерди сактап коюңуз!
  6. Терминалдын сырткы көрүнүшү да өтө маанилүү. Терминалдын сырткы көрүнүшү биздин көңүлүбүздү бурат. Терминал таза болушу керек – бул терминалдын сапаттуу иштешинин күбөсү болуп саналат. Мүмкүн, терминалда ар кандай жазуулар болушу мүмкүн. Мисалы, «Бул жерде кредит төлөөгө болот», «Бул жерде айып-пул төлөөгө болот ж.б.у.с.»
  7. Интерфейстин ыңгайлуулугу, баарынан мурда төмөнкү мүнөздөмөлөр боюнча таанууга болот: меню, айласыз абалга алып келбей турган баарлашуу. Сырткы көрүнүшү өзүнө тартып тургандай болсо.
  8. Төлөө үчүн мүмкүн болгон кызматтардын саны. Кызматтар канча көп болсо, ошончолук убакытты үнөмдөө мүмкүнчүлүгү көп болот. Кардарга бир жерден бардык төлөмдөрдү төлөө маанилүү.
  9. Сall-борбордо тейлөө. Эгер сиз сандарды жазууда жаңылып калсаңыз, тез арада көрсөтүлгөн номурга телефон чалып, төлөмдү жокко чыгарууңуз керек. Бул болсо эгер call-центр кардарлардын пайдасы үчүн иштесе гана мүмкүн болот.
  10. Терминалдардын жайгашкан орду. Жакын жайгашкан терминалдар алардын ээлери кардар үчүн убакыт канчалык маанилүү экендигин түшүнүшөт дегенди билдирет. Ыңгайлуулукка кам көргөн кызмат өткөргүч кардар кайсы жерлерден өтө тургандыгын билет.
  11. Төлөмдөрдүн коопсуздугу. Кардар төлөм дарегине жеткириле тургандыгына ишенимдүү болушу керек. Терминалда төлөмдүн ырасталышы сиздин акчаңызды алгандыгын кепилдейт. Ошол убактан тартып акчаны дарегине же кызмат көрсөтүүчүгө жеткирүү үчүн жоопкерчиликти компания/терминалдын ээси тартат.
  12. Ошентсе да жаңы жабдууну/аппаратты пайдалануудан мурдагы эң башкы шарт – таблодогу нускаманы көңүл коюп окуп чыгуу.