FINCA ЭЛКАРТ — бул Сиздин карталык эсебинизде сакталган акча каражаттарынызды башкаруунун заманбап, ынгайлуу жана ишенимдүү каражаты, жумасына 7 күн 24 саат бою Кыргызстандын каалаган жеринде жеткиликтүү

Мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктар

  • Чиптуу карталарда акча каражаттарды коопсуз сактоо.

  • Эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулдарды, ошондой эле которулган акчаларды алуу.

  • Товарларга жана кызматтарга акы төлөө үчүн карталык эсептеги акча каражаттарды күнү-түну пайдалануу, ошондой эле банкомат жана Кыргызстандын бардык банктарынын кассалык POS-терминалдары аркылуу накталай акча каражаттарды алуу.

  • POS-терминалдар аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн акы төлөө менен убакытты жана каражатты үнөмдөө.

  • Бүткүл Кыргызстан боюнча Элкарт картасынан Элкарт картасына акча каражаттарды дароо которуу жана алуу — биздин Мобилдик банкинг аркылуу (акча которуучулар жана алуучулар үчүн акысыз) же акча которуу функциясы бар банкоматтар аркылуу.

  • SMS-билдирүү кызматы жана Элкарт.Мобайл мобилдик тиркемеси аркылуу (акысыз) карталардагы акча каражаттарынын жүгмртүлүшүн жана калдыгын эсепке алуу жана көзөмөлдөө.

  • FINCA Банктын бөлүмдөрүндө кассалык  POS-терминалдар аркылуу карталык эсепти толуктоо.

  • Биздин Мобилдик банкинг аркылуу коммуналдык жана башка төлөмдөрдү төлөө (комиссиясыз).

  • FINCA ELSOM капчыгынан акча каражаттарын чыгаруу — капчыктан FINCA Элкарт картасына акчаны которуу жолу менен

  • Россия Федерациясынын аймагында тейленүү (банкоматтар жана POS-терминалдар)

ТИРКЕМЕЛЕР

Шарттары Наркы, сом менен
Картанын иштөө мөөнөтү 5 жыл
Карталык эсептин валютасы сом
Чиптуу картаны чыгаруу Жеке жактар үчүн Акысыз
Жоголгондо 200 сом
Картаны тейлөө Жеке жактар үчүн Жылы на 100 сом (картаны чыгарууга арыз жазууда төлөнөт)
Картаны кайра чыгаруу Мөөнөтү аяктаганда Акысыз
Акча каражаттарын накталай алуу Банкоматтар жана КРнын бардык банк-тарынын кассалык ПОС-терминалдары аркылуу Сумманын 0,3%
Балансты жана мини-көчүрмөнү суроо (банкоматтарда гана) Банкоматтар жана КРнын бардык банк- тарынын кассалык ПОС-терминалдары аркылуу 4 сом
Эсеп боюнча СМС-билдирүү (коштуруу жана өчүрүү – кардардын арызы боюнча акысыз) Карталык эсептеги акча каражатынын жугуртулушу жөнүндө Ай сайын 25 сом
Товарлар жана кызматтар үчүн акы төлөө КРнын бардык банктарынын ПОС-терминалдары аркылуу Акысыз

FINCA ЭЛКАРТ КАРТАСЫН АЛУУГА ОНЛАЙН ӨТҮНМӨ