FINCA’НЫН ЭЛ АРАЛЫК ГЛОБАЛДЫК ОЗУЙПАСЫ

FINCA жакырчылыкты жоюу үчүн адамдар жашап жана иштеп жаткан коомдо алардын муктаждыктарын жана тажрыйбасын түшүнүүгө негизделген туруктуу жана масштабын кеңейтүү чечимдерди колдонот.

FINCA’НЫН КЕЛЕЧЕК БАГЫТЫ

Бардык адамдар өз тагдырын өздөрү аныктоо үчүн билимин, жөндөмүн жана аракетин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон дүйнө

БИЗДИН МАКСАТ

Аз кирешеге ээ адамдарга жана жамааттарга өз келечегине инвестиция кылууга мүмкүндүк берүүчү инновациялык жана натыйжалуу финансылык кызматтарды пайдалуу жана жоопкерчиликтүү көрсөтүүчү стандарттуу эмес коомдук Банк болуу.

FINCA ГЛОБАЛДЫК ТАРМАГЫ

FINCA компаниясынын штаб-квартирасы Колумбия аймагынын Вашингтон шаарында жайгашкан, ал эми Африкадагы, Евразиядагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы, ошондой эле Латын Америкасындагы 16 туунду компанияларындагы кардарларынын саны 2.7 миллиондон ашык. Биздин компания – азыркы микрофинансылык тармактардын ичинен рынокту кеңири жана ар тараптуу камтыган компаниялардын бири.