FINCA өз ишин чынчылдыктын, ачык-айкындуулуктун жана кардарларга камкор мамиленин негизинде жүргүзөт жана кардарларды коргоо жаатында лидер болуп саналат. 2014-жылдан бери FINCA Банк Кардарларды коргоо принциптерине дал келүү жөнүндө Smart Campaign сертификатына ээ. Smart Campaign – бул микрофинансы тармагында кардарларды тейлөөнүн жогорку этикалык стандарттарын киргизүүгө көмөк көрсөтүүчү глобалдык демилге, ал жакынкы убакка чейин колдонулуп келген.
Бүгүнкү күндө бул демилге социалдык жана экологиялык натыйжалуулукту башкаруу чөйрөсүндө атактуу дүйнөлүк эки лидерге, Cerise жана SPTF’ге өткөрүлүп берилди.

2023-жылдын 20-июлунда FINCA Банк Cerise + SPTF’тин жаңы методологиясы боюнча «Алтын деңгээл» сертификатын алды. Ушуну менен, FINCA дүйнө жүзү боюнча сертификацияланган финансылык мекемелердин эксклюзивдүү тобуна кирди.

Төмөндөгү 8 принцип Кардарларды коргоонун негизги принциптери болуп саналат:

  • Өнүмдөрдү туура жасалгалоо жана жеткирүү

  • Өтө көп карыз болууга жол бербөө

  • Ачык-айкындуулук

  • Бааны жоопкерчилик менен коюу

  • Кардарларга калыс жана сый мамиле кылуу

  • Кардарлардын маалыматтарынын купуялуулугу

  • Арыздарданууларды чечүүнүн механизмдери

  • Башкаруу жана Адам ресурстары