FINCA көп жылдардан бери эл аралык рыноктун лидерлери болгон финансы институттары жана компаниялар, ошондой эле локалдуу уюмдар жана ассоциациялар менен мамиле түзүп жана колдоп келет.

технологиялык өнөктөштөрү

«ФИНКА Банк» ЖАКтын технологиялык өнөктөштөрү

“Финанс Софт” – Кыргызстанда банктык программаларды иштеп чыгууда алдыңкылардан болуп саналат жана финансылык чечимдерди иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана аны андан ары тейлөөдө тажрыйбасы чоң.
Учурдагы банктык системаларды компаниянын программалык продуктуларына өткөрүүдөгү Финанс Софттун чоң тажрыйбасы операциялык жана маалыматтык тобокелдердин азайгандыгы жөнүндө чечим чыгарууга мүмкүндүк берет, о.э. Тапшырык бергендер, алардын кардарлары жана кызматкерлери «Финанс Софт» компаниясынын кызматтарын колдонуудан улам, каннааттануулары өсүп жатат деп чечим чыгарууга мүмкүндүк берет.
Компаниянын негизги продуктулары:
• «Бирдиктүү база» программалык камсыздоосу;
• «Онлайн Банк» программалык камсыздоосу.
Компаниянын программалык продуктулары кардарларыбызга өз ишмердүүлүгүн автоматташтырууга, тейлөөнү тездетүүгө жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жардам берет.
Биз банктык программалык продуктуларды ишке киргизүү жана аны андан ары тейлөө боюнча сиздердин үмүттөрүңүздөрдү актай алаарыбызга терең ишенебиз.

ЭЛСОМ электрондук капчыгы – бул мобилдик түзүлүштүн номерине бекитилген виртуалдык эсеп, анын жардамы менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө, акча салууга, башка капчыкты толуктоого жана электрондук жол менен накталай эмес акчаны накталайга алмаштырып, алууга болот. Ал банктык эсептин мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт, о.э. финансылык операцияларды тез жүргүзүүнүн ыңгайлуу жана оңой жолун сунуштайт. Биздин кардарлар мобилдик тармак жеткиликтүү болгон учурда каалаган жерден каалаган убакта операцияларды жүргүзө алышат.
ЭЛСОМдун озуйпасы – ар бир адамга заманбап финансылык кызматтарды жеткиликтүү кылуу.

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК
Кыргыз Республикасынын «Элкарт» улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык топтому, ал «Элкарт» улуттук банктык төлөм карталарын жана ББПБ (ЕМПЦ) системасы менен интеграцияланган башка системалардын карталарын колдонуу менен жүргүзүлгөн транзакцияларды аткарууга арналган.
ББПБ долбоорун ишке ашыруунун негизги максаты – банктык төлөм карталарды колдонуу менен Улуттук төлөм системасын түзүү.

Green Light – Борбордук Азия аймагында маалымат технологиялары боюнча системалык интегратор.
Биз дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн технологияларын колдонуу менен кардарлардын бизнес-маселелерин чечебиз. Бизге тапшырык бергендер Кыргызстанда бизнестин көлөмү боюнча алдыңкы 100 уюмдун катарына кирет.

Green Light кызматкерлери сапаттын Cisco Systems, Microsoft, VMware жана Intel талаптарына дал келишине карата жыл сайын аудиттен өтүп турушат. Алардын кесипкөйлүгү эл аралык үлгүдөгү тастыктамалар менен тастыкталган.

Softline – бул Чыгыш Европа, Борбордук Азия, Америка, Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия рыногунда иштеген ИТ-чечимдердин жана кызматтардын эң алдыңкы глобалдык жабдуучусу. Биз Кыргызстанда 2005-жылдан бери жеке жана жалпыга маалым болгон онлайн чечимдерди, комплекстүү технологиялык чечимдерди, программалык камсыздоону лицензиялоону, аппараттык камсыздоону жана аларга тиешелүү кызматтарды сунуштап келебиз.

Жергиликтүү уюмдар

FINCA көп жылдардан бери эл аралык рыноктун лидерлери болгон финансы институттары жана локалдуу уюмдар менен мамиле түзүп колдоп келет

«ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААК
«Гарантиялык фонд» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы буйругу менен түзүлгөн. «Гарантиялык фонд» ААК чакан жана орто бизнестин ишкерлерине кошумча күрөө камсыздоосун берүү менен колдоо көрсөтөт. Эгерде кардарда күрөө каражаты жетишсиз болсо, анда фонд кепилдик берүүчү катары чыгып, банк тарабынан берилүүчү кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

ЮЖБ «НАСЫЯЛЫК МААЛЫМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР АССОЦИАЦИЯСЫ»
FINCA Банк 2003-жылы «Ишеним» КМБ түзүлгөн жылдан баштап анын өнөктөшү болуп саналат. Ишеним- кредиттик отчетторду чыгарып баштаган КМШдагы биринчи кредиттик бюро. КМБ озуйпасы – экономикалык мамилелердин катышуучуларынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана кредит таржымалынын так базасын түзүү.

МИКРОКАРЖЫЛОО УЮМДАРЫНЫН АССОЦИАЦИЯСЫ
2005-жылы FINCAнын демилгеси менен түзүлгөн. Ассоциация микрокаржылык жана башка уюмдардын юридикалык жана жеке жактар үчүн кредиттердин жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелерди чечүүдө аракеттерди бириктирет.

ЭЛ АРАЛЫК ИШКЕРЛИК КЕҢЕШ
2004 –жылдан бери FINCA Эл аралык Ишкерлик Кеңештин мүчөсү болуп саналат. Эл аралык Ишкерлик Кеңеш (ЭИК) – Кыргызстандын эң ири бизнес-ассоциациясы, ал 2000-жылдын декабрында түзүлгөн. ЭИКтин максаты экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү. Ассоциация 140тан ашык компанияны бириктирет, экономикалык реформалардын процессин жигердүү колдойт жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАНКТАР БИРЛИГИ
Коммерциялык банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин ыктыярдуу бирикмеси, FINCA Банк анын мүчөсү болуп саналат. Банктар бирлиги мыйзам жана ченемдик актыларды иштеп чыгат, талкуулайт жана демилге кылат, алар боюнча сунуштарды берет, мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт, алардын иштеп чыгуучулары менен өз ара аракеттешет, Банктар бирлигинин мүчөлөрүнө маалыматтык-аналитикалык, методикалык, укуктук ж.б. колдоо көрсөтөт.

АМЕРИКА СООДА ПАЛАТАСЫ
2005-жылы FINCA AmCham (Америка Соода Палатасынын) мүчөсү болот, ал потенциалдуу инвесторлорго перспективдүү бизнес-долбоорлор туурасында маалымат берет жана Кыргызстандын товар жана кызмат өндүрүүчүлөрүнө жана таратуучуларына АКШнын жана башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн өнүккөн компанияларынын, бизнесмендеринин арасынан өнөктөштөрдү табууга жардам берет.

«ФИН сабат» – бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын долбоору, билим берүү сайты Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн колдоосунда «Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH» коому аркылуу иштелип чыккан. Сайттан төмөнкүлөрдү үйрөнүүгө болот:

• Үй-бүлөлүк бюджетти эсепке алуу
• Колдо бар каражаттарды үнөмдөп, топтоо
• Инвестициялоо.

Ошондой эле долбоор калктын төмөнкүлөр жөнүндө маалымат алуусуна багытталган:

• Инвестициялоо
• Финансылык коопсуздук
• Камсыздандыруу
• Салыктар жана чегерүүлөр
• Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.

Международные акционеры

FINCAнын жана коомдун өнүгүүшүнө социалдык жоопкерчиликтүү эл аралык финансылык уюмдар катышып келет