2017-жылдын июлунда FINCA Банк кардаларды коргоо принциптерине шайкештик тууралуу Smart Campaign сертификатын алды.
Smart Campaign – микрофинансылык индустриядагы кардарларды тейлөөнүн жогорку этикалык стандарттын киргизүүгө көмөк көрсөтүүчү глобалдык демилге. Ошентип, биздин банк дүйнө жүзү боюнча сертификациялуу финансылык мекемелердин эксклюзивдүү тобуна кирди.
Алынган сертификат – башкаруу системасындагы шайкештиктин эл аралык таанылышы, кардарды коргоо принциптериндеги банктык саясат жана процесс, жетекчиликтин бул багыттагы институтционалдык өнүктүрүүнү бекем жактоосу.
Жаңылык:
– продуктылардын кардардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана керектөөлөрүнө шайкеш келишин;
– кардардын ашыкча карыз болуусуна алдын ала чара көрүүнү;
– ачыктыкты;
– жоопкерчиликтүү баанын түзүлүшүн;
– кардаларга калыстык жана сый мамиле кылуусун;
– кардардын маалыматын жашыруун сактоону;
– нааразычылыктарды чечүүнүн механизимин текшерген MICROFINANZA rating (Италия) агенттигинин рейтингдик агент эксперттеринин банкты баалоосунун жыйынтыгы болду.