Жыл сайын 3-октябрда дүйнө жүзү боюнча Кардардык тажрыйба күнү белгиленип турат, бул майрам тышкы жана ички кардарлар менен мамилени бекемдөөгө өзгөчө маани берүүгө багытталган. Мунун артыкчылыгы – кардар менен жылуу жана ишенимдүү, жоопкерчиликтүү мамилени түзүү жана тышкы да, ички да кардарларга позитивдүү кардардык тажрыйбаны берүүгө умтулуу экендигин түшүнүү зарыл.

Бул майрам FINCA Банктын дүйнө жүзүндөгү бардык өкүлчүлүктөрүндө да майрамдалат. FINCA Банктын тышкы жана ички кардарлары кызматкерлерге көрсөтүлүүчү кызматтардын жана продуктулардын сапатын жакшыртууга демилге берип турушат. FINCA Банк кардарлар өлкөдөгү филиалдарга жана кеңселерге барып кеткенден кийин аларга жакшы таасир калтырууга умтулуп турат, бул болсо өз кезегинде кардарлардын Банктын кызматтарынан кайра-кайра пайдалануу кызыгуусун арттырат.