Бизнести өнүктүрүү үчүн ишкерлерге жана юридикалык жактарга берилет

Насыя төмөнкү максаттарда берилет:

  • Жүгүртүүдөгү жана негизги каражаттарды көбөйтүү жана үй чарбасынын муктаждыктарын каржылоо

Насыянын шарттары:

  • Насыянын мөөнөтү — 3 айдан 5 жылга чейин
  • Насыянын суммасы – 12 500 ден 2 000 000 сомго чейин, 200 — 30 000 АКШ долл.
  • Насыянын валютасы – кыргыз сому, АКШ доллары.
  • Күрөө – кепилдик берүү жана /же кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк

Карыз алуучуга коюлуучу талаптар:

  • КР жарандыгы, жарактуу паспорту, жашы жеткен болуусу
  • Киреше алып келген жана 3 айдан кем эмес мөөнөттөн бери иштеген бизнесинин болушу

Тиркемелер:

FINCA Банкта тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • FINCA Банктын бардык филиалдарында каражаттардын жеткиликтүү болушу — Кыргызстандын бардык облустарындагы 24 филиал;
  • Жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча эл аралык тажрыйба — 30 жылдан ашык;
  • FINCAнын 2.2 миллиондон ашык кардарларынын ишеними — дүйнөнүн 20 өлкөсүндө;
  • Кардарларды коргоо принциптеринин сакталышы — SMART Кампаниясы тарабынан тастыкталган.

«ФИНКА Банк» ЖАКтын юридикалык жактар, анын ичинде ЖИ үчүн 2020-жылдын 17-февралынан тартып колдонуудагы

Юридикалык жактарга эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеги

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:

МААЛЫМАТ БОРБОРУ уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз) же 0(312) 440 440.

«ФИНКА Банк» ЖАК «Гарантиялык фонд» ААКнын өнөктөшү болуп эсептелет. «Гарантиялык фонд» ААК чакан жана орто бизнестин ишкерлерине кошумча күрөө камсыздоосун берүү менен жардам көрсөтөт. Фонд 300 000 сомдон ашык суммадагы кредиттер үчүн кепилдик берет, ал эми кепилдик суммасы күрөөнүн 50% чейин жетиши мүмкүн.

ОНЛАЙН ЗАЯВКА НА КРЕДИТ