Топтук кредит алуу – бул аз кирешеге ээ болгон ишкерлер үчүн өзгөчө финансылык кызмат. Топтук кредитти алуу үчүн үч айдан ашуун иш жүргүзгөн, киреше алып келген бизнеске ээ болгон үч же андан көп адамдан турган топту түзүү керектелет. Топтун мүчөлөрүн кредит төлөөдө бири-бирине кепилдик берүүсү байланыштырып турат. Ошондуктан топтук кредит күрөөсүз берилет. FINCA Банкта кредитти кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү дээрлик 99%. Бул топтун мүчөлөрү кредитти төлөөдө бири-бирин оңтойсуз абалда калтырбоого аракет кылышат, себеби алар көп учурда бизнес боюнча кесиптештер, кошуна же туугандар болуп эсептелет. 10-15 жыл бирге иштешкен топтор дагы бар жана алар топтук кредиттин натыйжасында бизнестерин ийгиликтүү түрдө өнүктүрүп келишет. Топтук кредиттин эң негизги өзгөчөлүгү – кредит алуунун жөнөкөйлүгү, б.а. топтук кредит алуу үчүн паспорт гана жетиштүү.