Финансы-кредиттик мекеме менен кызматташуу эки тарапка тең пайдалуу болушу үчүн төмөнкүлөрдү дайыма эстен чыгарбоо керек:

  1. Кредит алуу жөнүндө чечимди ойлонуп кабыл алуу;
  2. Кредитти өтүнмөдө көрсөтүлгөн максаттарга ылайык колдонуу маанилүү;
  3. Кредитти үчүнчү жактарга берүүгө болбойт, бул төлөм боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмеден бошотпойт. Мындан тышкары, бул кредит келишиминин шарттарын бузуу болуп саналат жана сиз кредит келишиминин шарттарына ылайык, кредитти максатсыз пайдалангандыгыңыз үчүн жоопкерчилик тартасыз;
  4. Топтук кредит алууда топтун бардык мүчөлөрүн жакшы билүү жана ишенүү маанилүү, кепилдик келишимине ылайык, кредитти төлөө үчүн тилектеш жоопкерчиликти сиз тартасыз;
  5. Айып пулдарды болтурбоо үчүн жана кардардын кредит таржымалынын начарлашына жол бербөө үчүн кредитти белгиленген мөөнөттө төлөө;
  6. Кардардын кредит таржымалы кардар менен финансы-кредиттик мекеменин эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташуусу үчүн өтө маанилүү, карыз алуучунун бул кредиттик таржымалындагы маалыматтары өлкөнүн кредиттик уюмдарынын көпчүлүгүнө жеткиликтүү болот;
  7. Карыз алуучунун кредитти төлөшүнө таасирин тийгизе турган анын турмушундагы жагдайлар туурасында финансы мекемесине кабарлоо;
  8. Бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү кредит берүүчү менен талкуулоо, анткени карыз алуучу менен кредит берүүчүнүн өз ара мамилелери тараптар ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашуу менен жөнгө салынат.

Кредит боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүдө төмөнкүлөр эсиңиздерде болсун:

  1. Кредитти төлөө финансы мекемесинин кеңселеринде же тиешелүү уруксат берүүчү документи бар кредит адиси аркылуу жүргүзүлөт;
  2. Төлөмдөрдү этияттык менен жана коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүү маанилүү. Тааныбаган адамдарга кайсы күнү жана кандай суммада кредит төлөө үчүн кеңсеге бара турганыңызды айтууга болбойт;
  3. Кредитти төлөө боюнча бардык дүмүрчөктөрдү сактоо маанилүү. Бул күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча келип чыккан жаңылыш жагдайлардан алыс болууга мүмкүндүк берет.