Көптөгөн адамдар өзүнүн турак үйүнө ээ болууну кыялданышат. Эмне үчүн? Өзүңдүн үйүң же батириң сага коргоо, жылуулук жана жайлуулук, ошондой эле акча төлөп жашай турган батир бере албаган ишенимдүүлүк сезимин берет.

Тилекке каршы, туруктуулук «атрибуту» баарына эле бериле бербейт, ал эми аны накталай акчага сатып алгандар андан да аз.

Мындан тышкары, акчалар сатып алуу жөндөмүнө ээ. Акчанын сатып алуу жөндөмүнүн өзгөрүшү жана алардын наркынын убакыттан көз каранды болушу биз бүгүн чогултуп жаткан акчага эртең ири соода кылууну кыйындатат.

Мындай жагдайдан чыгуу  — бул ипотекалык кредит. Көп адамдар бул термин менен тааныш болсо керек. Бирок, ипотекалык кредит алуу үчүн банкка баруубу же компанияга баруу пайдалуубу? Турак үй сатып алууга кредит алуу кандай тобокелдиктерге ээ жана кандай артыкчылыктары бар?

Ижара же кредит боюнча пайыздарбы?

Банктан ипотека алуу аябай татаал. Бул үчүн бир катар документтер, чыдамдуулук жана убакыт талап кылынат. Банк ипотекадан көп учурда баш тартат. Баш тартуунун негизги себептери начар кредит таржымалы, соттолгондугу, кантип болсо да ырастай алгыдай кирешенин жоктугу.

Сиздин кредит таржымалыңыз жакшы дейли, кирешеңиз туруктуу, документтер жайында жана сиз кредитке жер үй сатып алууну чечтиңиз. Сиздин киреше ай сайын кредитке 0дан 0га чейин үй-бүлөлүк бюджетке кыйынчылык келтирбестен төлөөгө мүмкүндүк берет дейли. Бул банк үчүн идеалдуу карыз алуучу, бул 100 кардардын ичинен бирөөндө гана кезигет (эгер андан да аз болбосо).

Эгерде турак үйүңүз болбосо, бирок ай сайын кыйналбастан батирдин ижарасына 0-400 төлөп жатсаңыз, ипотека алуунун кереги барбы? Эгерде жаңы үйдөн бир бөлмөлүү үй алсаңыз, кредит үчүн ай сайын болжол менен ошол эле сумманы төлөйсүз (куруучудан же инвестордон – эң башкысы бул юридикалык жак болсо болду). Бул ипотекалык программанын эң пайдалуу варианты.

Эгерде сиздин жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүп жатса, ошондой эле киреше булагы ишеничтүү болбосо, анда ипотека алуунун кереги жок.

Ипотекалык кредит алганга чейин адис менен кеңешүү зарыл. Баарынан жакшысы – банктын ипотека бөлүмүнүн кызматкерине кайрылган оң. Бирок, бир эле банктан кеңеш алуу менен чектелүүгө болбойт. Толук билүү үчүн банктардын бир нече бөлүмдөрүн карап чыккан туура. Ошондо ипотека сизге туура келеби, жокпу, сизге берер-бербесин билесиз. Мүмкүнчүлүктү кое берип, өкүнгөндөн көрө билип алган дайыма жакшы.

Жакшы жактары…

Бизге белгилүү болгондой, кыймылсыз мүлктүн баасы жыл сайын өсүүдө. Эгерде биздин айлыгыбыз орточо статисткадан 3-4 эсе көп болбосо, турак үй сатып алууга акча топтоо кыйын.  Кийинкиге калтырбай, ипотека алып, азыркы баа менен батир сатып алууга болот.

Мындан тышкары, ипотекалык кредитке коротулган белгилүү бир суммадагы акчаны кайтарып берүүнү кепилдеген социалдык эсеп бар. Бул маселени райондук салык кызматы түшүндүрүп бере алат.

…жана терс жактары

Эгерде сиз ипотекага батир сатып алсаңыз, айрым чектөөлөр менен менчик ээси болосуз. Сиз банк менен толук эсептешип бүтмөйүнчө батирди сатып, алмаштырып же белекке бере албайсыз. Бул албетте, туура, сиз ипотеканы жол-жоболоштурдуңуз, банк болсо карызга акча берди.

Бардык башка маанилүү чечимди сиз кабыл аласыз.