Азыркы заманда адатта бизге ыңгайлуу жашоону камсыз кылган электр энергиясы, үйдөгү жылуулук сыяктуу приборлорсуз жашоо кыйын дегенге макулсузбу? Адамдар электр энергиясын көп талап кылган цивилизациянын бул байгерлигине көнүп калган. Бирок, акыркы убактарда совет мезгилинин: «Электр энергиясын үнөмдөгүлө!», «Кетип жатканда жарыкты өчүргүлө!» деген сыяктуу унутулуп бараткан лозунгдары мурдагыдан да көбүрөөк айтылып, кайрадан жаңыланып, кеңири мааниге ээ болууда.

Анткени, көпчүлүк адамдарда электр энергиясы, жылуулук, ысык суунун салыштырмалуу жеткиликтүүлүгү өзүнөн-өзү пайда болуп, эч качан түгөнбөйт деген ой пайда болот. Аларды үнөмдөөнүн эмне кереги бар, алар арзан баада жетиштүү болуп турбайбы? Канча пайдалансам ошончо төлөйм, көп коротсом көп төлөйм дешет. Бул туура эмес мамиле! Электр энергиясын адамдардын пайдалануусу бүткүл дүйнө жүзү боюнча өсүүдө, ал эми ресурстар кайрадан жаңыланган жок. Бул факт электр энергиясы жетишсиз болуп, кымбаттайт дегенди билдирет. Ошондуктан, электр энергиясын туура пайдаланууга жана үнөмдөөгө үйрөнүү өтө маанилүү. Болгондо да, өз каражаттарыңды үнөмдөйсүң.

Бирок, азыркы заманда адамдар кантип жашоо деңгээлин төмөндөтпөстөн, энергияны пайдаланууну оптималдаштыруу, муну менен пайдалуу кендерге, жаратылыш ресурстарына зыян келтирбестен сарамжалдуу пайдаланууга болот?

Адистердин айтуусунда, бир жагынан энергияны үнөмдөө өтө жөнөкөй: бул өзүңдү жана балдарыңды сарамжалдуу пайдаланууга тарбиялоо дегенди билдирет. Бул ыкма жүрүм-турум аркылуу энергияны үнөмдөө болуп саналат. Окумуштуулар мындай мамиленин жардамы менен энергиянын 10% үнөмдөлөрүн эсептешкен. Жүрүм-турум аркылуу энергияны үнөмдөө – бул имараттан чыгып баратканда жарыкты өчүрүү гана эмес, адамдарда энергияны сарамжалдуу пайдалануу адатын өнөкөткө айландыруу дегенди түшүндүрөт. Бул электр энергиясын болушунча аз пайдалануунун жардамы менен ишке ашат жана жаңы технологиялардын киргизилишин талап кылбайт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, жүрүм-турум аркылуу электр энергиясын пайдаланууну 10-15% төмөндөтүүгө болот жана финансы чыгымдарын олуттуу кыскартууга, тиричилик ыңгайын жакшыртууга жана өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Жүрүм-турум аркылуу энергияны үнөмдөө кандай аракеттерди талап кылат?

Жүрүм-турум аркылуу энергияны үнөмдөөнү белгилүү болгон “Чыгаарда жарыкты өчүрүңүз” урааны менен да түшүндүрүүгө болот. Бул керек эмес учурда энергияны пайдаланууну кыскартуу дегенди билдирет: мисалы, эч ким көрбөсө телевизорду өчүрүү, терезени кышкысын жабуу, ысык сууну өчүрүү, үтүктү өчүрүү. Ошондой эле бул жүрүм-турумдарга балдарды, туугандарды, тааныштарды да үйрөтүү керек.

Экинчиден, жүрүм-турум аркылуу энергияны үнөмдөөдөн тышкары бул боюнча иштерди да жүргүзүү керек — бул жеке курулуштарды жана заманбап жабдууларды колдонуу менен турак-жайларды жылуулоо. Пластик терезелер, жылуулук өткөрбөөчү материалдар, жылуулук от казандары, күн менен суу жылыткычтары, кондиционерлер – бул приборлордун бардыгы эле ар бир адамга өз үйлөрүн жылуулап жана коммуналдык төлөмдөргө кеткен чыгымдарды кыскартууга жардам берет.

Үчүнчүдөн, көп батирлүү үйлөрдүн имараттарын: чатырын, сырткы дубалдарын, подъезддерди жылуулоо. Энергияны үнөмдөө бүтүндөй үйдөгү жылуулукту колдонууну аныктоочу жылуулук эсептегичин орнотууга мүмкүндүк берет.

Төртүнчүдөн, имараттарды жылуулоо боюнча жогоруда саналган иш-чаралар менен катар, жеке ишканалар энергияны үнөмдөөчү өндүрүш жана айыл чарба жабдууларын алмаштырып жана орното алышат.

Энергияны үнөмдөө маданиятын өнүктүрүү жана жогорулатууга ар кандай эл аралык уюмдар, анын ичинде биздин Банк да жардам берет. Биз буга чейин FINCA жана ЕБРР KyrSEFF (Кыргызстанда туруктуу энергия программасын каржылоо долбоору) үчүн кредит линиясын ачуу жөнүндө макулдукка кол коюшкан. Бул программанын алкагында FINCA кардарларына энергияны үнөмдөөчү ар кандай иш чараларды өткөрүүгө кредиттерди берет. Бул иш чараларды өткөрүүдө белгилүү талаптарды аткаруу менен кардарлар каражаттардын бөлүгүн грант катары ала алышат.