Көпчүлүгүбүздө  убакыт өткөн сайын кандайдыр бир чоң нерсени сатып алуу муктаждыгы пайда болот (кыймылсыз мүлк, автомашина ж.б.у.с.) же балдардын окуусуна төлөө, Ысык-Көлгө эс алууга баруу сыяктуу чоң чыгымдарга дуушар болобуз. Мындай максаттарга кантип топтоо керек? Айлыкты же башка кирешени кантип бүт бойдон коротпостон, мындай ири соода үчүн чогултууга болот?

Чындыгында, акчага туура  мамиле кылып, орточо киреше менен да баланын алдыңкы коммерциялык окуу жайдагы окуусу үчүн төлөөгө болот. Мындай окууну кантип төлөөгө болот? Бул суроо өтө деле кыйын эмес, бирок, бул суроого ар бир эле адам жооп таба албайт. Ар бир эле адамда качып кутулууга мүмкүн болбогон сөзсүз чыгымдардын тизмеги болот. Ушундай кырдаалда сарпталбай турган ашык каражаттарды кантип табууга болот? Бул маселени чечүүнүн жолдору бар.

Биринчиден, топтоо мүмкүнчүлүгүн кабыл алып, өзүңдүн чыгымдарыңа жасаган мамилеңди өзгөртүү керек.

Экинчиден, бардык чоң суммада соода кылуулар дайыма кичине суммадан башталат – ай сайын кирешеңиздин кандайдыр бир бөлүгүн үзгүлтүксүз бөлүп көрүңүз . Тажрыйба көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбестен, айына  кирешенин 10% бөлүүгө болот.

Үчүнчүдөн, каражаттарды банкта депозит ачып, сактаган жакшы. Акчалар сатып алуу жөндөмүнө ээ, ал убакыт өткөн сайын өзгөрүп турат. Ал эми банк депозити жок дегенде ошол сатып алуу жөндөмүн сактай алат. Мындан тышкары, акча үйдө турганда аларды короткуң келе берет. Сактык депозити сизге акча каражаттарыңыздын сакталышына кепилдик берет жана сиз ал акчаларды мисалы, балаңыздын окуусуна төлөй аласыз.

Эгерде кайсы бир айга чейин үнөмдөө мүмкүн болбосо, капа болуунун кереги жок, жагдай ар кандай болушу мүмкүн. Кийинки айда «толуктоого» болот. Эң башкысы  – ашыкча кетпеш керек.

Ошентип, топтоо мыйзамдарын сактоо менен сиз чоң суммада сатып алууларды жүргүзүп, чоң чыгымдарды төлөй аласыз.