Топтук кредит берүү Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийин колдонула баштады. Аймактардагы жоопкерчиликтүү тургундар жеке бизнести өнүктүрүү максатында анча чоң эмес кредит алуу үчүн топторду түзүүнү сунушташкан. Алгачкы тилектеш-жоопкерчиликтүү топтор 12 адамга чейин биригишкен, азыр топтогу адамдардын саны үч адамдан кем болбоого тийиш.

Менчик кыймылсыз мүлккө ээ эмес ишкерлер топтук кепилдик менен күрөөсүз кредит ала алышкан. Адамдар жеке бизнести өнүктүрүү үчүн биринчи жана кийинки кредиттерди топтун ар бир мүчөсү төмөнкү эрежелерди сактаганда гана алууга мүмкүн болоорун түшүнүшкөн:

  • Төлөө тартибин сактаса;
  • Карызга алган каражаттарды кайтарууга топтун башка катышуучусу үчүн жоопкерчилик алып жатканын түшүнсө;
  • Келишимде белгиленген бардык шарттарды сактоого аракет кылса;
  • Ар бир катышуучунун топтун бардыгына киреше алып келүүчү анча чоң эмес бизнеси болууга тийиш.

Ушундай жол менен гана калктын аз камсыз болгон катмары кредит ала алат. Бул жаңы бизнести баштоого, финансы абалын жакшыртууга жана бутуна турууга жардам берет.

Топтук кредит берүү бизнес катары Советтер Союзу тарагандан кийин биздин өлкөгө донор  өлкөлөр сунуштаган программалардан башталган. Бул жаңы нерсени өзгөчө ишкерлик кылган адамдар ийгиликтүү кармап калышты жана бекемдешти.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин кредиттерди натыйжалуу пайдаланып кеткен өлкөнүн тургундары иш менен өзүлөрүн гана камсыз кылбастан, башка мекендештери үчүн да жумуш орундарын түзө алышкан. Кредит каражаттарын колдонгон бул адамдарда топтук кредиттин суммасынан тышкары жаңы муктаждыктар пайда болгон. Алар аздан баштап, кийинчерээк өнүгүүнүн башка деңгээлине чыгышты.

Бул жагдайда кредит берүүчүлөрдөн продуктулардын жаңы түрлөрү – жеке кредиттер жардамга келди. Продуктунун бул түрү бизнести өнүктүрүү үчүн керек болгон орточо жана чоң сумманы алууга мүмкүндүк берет. Финансы мекемесинин саясатына жана өнүгүүнүн багыттарына жараша кредит боюнча пайыздык чендерди аныктоонун жеке жолу, ошондой эле финансы мекемеси кардарга сунуштай алган башка шарттар каралышы мүмкүн.