Ошентип, кредиттин наркы эки компоненттен турат: натыйжалдуу пайыздык чен жана кардар үчүнчү жактардын пайдасы үчүн тарткан бардык чыгымдар. Натыйжалуу пайыздык чен — бул төмөнкү факторлорду эске алганда кредит боюнча жылдык номиналдуу пайыздык чен:
- Карыз алуучу кредит алгандан кийин төлөй турган кредит боюнча пайыздар;
- Карыз алуучу кредит алууда төлөй турган бир жолку кошумча пайыз;
- Кредитти төлөөнүн мөөнөтү жана аралыгы.
Натыйжалуу пайыздык чен карыз алуучу ар башка финансы институттарындагы кредиттин наркын салыштыра алуусу үчүн керек.
Үчүнчү жактардын пайдасы үчүн чыгымдар төмөнкү факторлордон көз каранды:
- Кредиттин түрүнөн;
- Аймактагы колдонулуп жаткан тарифтерден.
Үчүнчү жактардын пайдасы үчүн болжолдуу чыгымдардын тизмеги:
- Кредит алуу процессинде кардар тарткан транспорттук чыгымдар;
- Документтерди жана күрөөнү тариздөө боюнча чыгымдар (нотариалдык контора, Мамкаттоо, күрөөлүк контора, ЖКК);
- Башка.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына ылайык, суралып жаткан кредиттин толук наркы тууралуу маалыматты сиз кызматташууну чечкен финансы мекемесинен ала аласыз.