Карыз алуучунун кредит таржымалы –  бул «Ишеним» кредиттик-маалыматтык  бюросунда бир нече жылдар бою топтолгон кардар тууралуу бардык маалымат. Кардар тууралуу маалыматтарды боюрого берүүдө кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугу керектигин белгилеп кетүү керек. Мындай милдеттенме өз кезегинде кардарга өзү тууралуу маалыматты КМБдан суроо укугун берет.

Кредит таржымалы — кардардын төмөнкү маалыматтардан турган жана карыз алуучунун милдеттенмелери туурасында айтып берген кардардын кредит рыногундагы репутациясы:

  • Качан жана кандай шарттарда кардар кредит алгандыгы;
  • Мөөнөтүнөн кечиктирип төлөөлөргө жол берилгенби жана алар эмнеге байланыштуу болгон;
  • Мөөнөтүнөн мурда төлөөлөргө же төлөө схемасындагы бардык өзгөрүүлөргө жол берилдиби, мисалы түзүмүн өзгөртүү;
  • Карыз алуучу кайсы кредиттер боюнча кепилдик берүүчү болуп саналат;
  • Карыз алуучунун кредит боюнча милдеттенмелерин аткаруусу боюнча башка маалымат

Кредит таржымалы эмне үчүн маанилүү?

Жакшы кредит таржымалы кредиттик уюмдун кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алуусундагы негизги критерий болуп саналат. Башкача айтканда, өнүктүрүү үчүн  кредит каражаттарын тез, сапаттуу жана оңой алуу.

Жаман кредиттик таржымал эмнеге алып келиши мүмкүн?

Кардардын терс кредиттик таржымалын милдеттенмелерден баш тартуу, кредитти өз убагында төкпөө, карыз алуучунун финансылык абалы тууралуу толук эмес маалымат сыяктуу фактылар түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, жаман кредит таржымалы өнүктүрүү үчүн ресурстардын таза жана расмий булактарына ээ болуусуна бөгөт коёт.

Кардардын кредит таржымалын ким түзөт?

Кардардын кредит таржымалын кардар өзү жана өнөктөшү катары макулдашуу түзгөн финансы мекемеси түзөт. Бул ар дайым өнүгүүнү талап кылган эки тарапка тең жооптуу, ошол эле убакта эки тарапка тең пайдалуу процесс экендигин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан, кандайдыр бир кредитти тейлөө менен байланышкан суроолор же жагдайлар келип чыкканда, өзүнүн кредит мекемесине кайрылуу керек жана биргелешип чечүү керек.