Кредиттик таржымал – качан жана кандай суммада кайсы финансы-кредиттик уюмдардан кредит алгандыгыңыз же бар экендиги жана кредиттик милдеттенмелериңизди кандай аткарып жаткандыгыңыз, тактап айтканда, төлөп жаткандыгыңыз тууралуу маалымат.

Көптөгөн адамдар кредиттик таржымал адам тууралуу жалпы маалыматтан эле турат деп ойлогондуктан, биз мындай аныктаманы  берели деп чечтик. Бул кардардын Ф.А.А., паспорттогу маалыматтары, катталган дареги, идентификациялык коду, иштеген жери, ошондой эле төлөнгөн жана төлөнбөгөн кредиттер тууралуу маалымат.

Жакшы кредит таржымалы кимге жана эмнеге керек?

Баарынан мурда жакшы кредит таржымалы маалымат топтолуп жаткан субъекттин өзүнө керек. Адам кредит, ссуда же кыска мөөнөттүү карыз алуу үчүн атайын мекемеге кайрылуу керек болгон учурда сиздин карыз алуучу катары беделиңиз таза болгудай кредит таржымалын кантип түзүү керек деген суроо туулат.

Албетте, кредит таржымалы  – бул кредит берүү же баш тартуу чечимин кабыл алып жатканда кредит мекемеси алган маалыматтардын аз гана бөлүгү. Жакшы кредит таржымалы менен катар карыз алуучуда кайрадан кредит алган убакта кепилденген акы төлөнүүчү жумуш түрүндө туруктуу кирешеси же бизнестен түшкөн кирешеси, күрөөсү (максаттарга жана суралып жаткан суммага жараша), ылайыктуу кепилдик берүүчүлөрү (зарыл учурда) болууга тийиш.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанда финансы рыногунун катышуучуларынан ыктыярдуу түрдө карыз алуучу тууралуу маалыматтарды алып жана консолидациялаган орган бар, бул маалыматтар карыз алуучунун макулдугунун негизинде берилет. Бул «Ишеним» кредиттик-маалыматтык бюросу, бул уюм 2003-жылдын март айында ЕвропАйддын финансылык колдоосу менен ачылган.

Жакшы кредит таржымалынын ээлери кандай артыкча укуктарды алышат?

Жакшы кредиттик бедел кредит берүүдө негизги болуп эсептелет. Эгерде сиз жакшы кредит таржымалга ээ болуп, кредиттик мекемеге кайрылсаңыз, плюстары көп болот.

Биринчиден, кредиттик мекеме ага кайрадан кайрылганыңыз үчүн ыраазы болот. Албетте, сиз үчүн алдыда пайдалуу сунуштар жана сыйакылар болушу мүмкүн.

Экинчиден, кредит боюнча документтердин топтому бир топ аз болушу мүмкүн.

Үчүнчүдөн, өтүнмөнү кароо мөөнөтү бир топ аз болот. Керек болсо техникалык жактан да сиздин маалыматтарыңызды компьютердик системага кайрадан киргизүүнүн кереги жок.

Финансы институтуна кайрылганда эгерде бул кредит берүүнүн шарттарында каралган болсо, жакшы кредит таржымалынын ээсине төмөнүрөөк пайызды сунушташат.

Аягында дагы бир жолу белгилей кетчү нерсеөз кредит таржымалын сактоо керек, бирок, мындан тышкары анын аныктыгын текшерүү керек.