Акыркы убактарда алдамчылардын тез убакта көп акча табуу жөнүндө убадаларына ишенип, өз акчаларынан кол жууп калган  финансылык пирамидалардын курмандыктары туурасында көп угабыз. Көп сандаган мисалдарга жана кайгылуу окуяларга  карабастан, адамдар дайыма алдоонун жаңы ыкмаларын ойлоп таап турушкан  аферисттерге ишенип келишет.

Финансылык пирамида – Бул пирамиданын жаңы катышуучуларынан акча каражаттарын үзгүлтүксүз алып туруунун эсебинен өз кирешесин камсыз кылуунун алдамчылык ыкмасы. Алдамчылык менен алынган акчалардын негизги бөлүгү уюштуруучулар тарабынан карапайым адамдарга эмес, өздөрүнүн жеке максаттары үчүн колдонулат.  Белгилей кетчү нерсе, каражаттардын кайсы-бир бөлүгү башында ишендирүү үчүн алдамчылар тарабынан катышуучуларга бөлүнүшү мүмкүн. Бирок, жыйынтыгында катышуучулар көбөйгөн сайын келип түшкөн акча каражаттары убадаланган пайданы камсыз кыла албай калат жана  катышуучулар өз салымдарын жогото баштайт. Финансылык  пирамиданын бир эле жыйынтыгы бар – алдамчыларга ишенген карапайым жарандар өз акчаларын жоготушат.

Кыргызстандын ар кайсы облустарында табылган акыркы айрым алдамчылар төмөнкүлөр:

  • Алдамчылар КМШ өлкөлөрүндө жалпы валютанын киргизилип жатканы жана сомду ушул валютага которуу тууралуу уламышты айтышкан. Ошентип алар жарандарды каражаттарын алмаштыруу үчүн Элдик банкка беришсе, сыйакы жана чоң киреше берилерин убада кылышкан.
  • Алдамчылар курулуп жаткан үйдөн өтө пайдалуу баа менен социалдык жакыр адамдарга батир сатып алууну сунуш кылышкан. Алгач, 4 миң сом өлчөмүндө баштапкы төгүмдү төгүү керек болгон. Калган сумманы алдамчылардын айтуусу боюнча курулуш фирмасы төлөй турган болгон.
  • Алдамчы уюм ишенчээк жарандардан 1000 сомдон жыйнап алган, ордуна 3 айдын ичинде 12 миң сом жөлөкпул төлөп берүүнү, курулуш компаниясына адамдарды 600 – 1800 долларлык айлык менен жумушка киргизүүнү убада кылган. Өтө эле кызыгы, базар баасынан эки эсе арзан батирди сатып алуу мүмкүндүгүн айтышкан.
  • Өтө кеңири тараган махинациялардын бири – кандайдыр бир шылтоо менен (кандайдыр бир пайдалуу иш) акча салууга чакырып жана чоң пайыздарды убада кылып же жаңы адамдарды алып келгендиги үчүн чоң сыйакы төлөнөөрүн убада кылышкан.
  • «Монолдор-Ата» микрокредиттик компаниясы менен болгон жагдайды эске салсак, уюмдаштыруучусу элдерден пайыз менен акча алган. Ошентип 600дөн көп адамдан 200 миллион сом алган!

Алдамчылар белгилүү компанияларга, белгилүү адамдарга жамынып аракет кылуулары мүмкүн.

FINCA Банк  бардыгыңыздарды сак болууга жана алдамчылардын чагымчыл аракеттерине берилбөөгө чакырат. Алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн жана аманаттарыңызды жоготпош үчүн финансылык пирамиданын негизги белгилерин эсиңиздерден чыгарбаңыздар:

№ 1 белги. Кепилденген  жогорку кирешени убада кылуу

Алдамчылдар кирешени жылдык 50, 100 жана керек болсо 200 пайыз менен оңой эле кепилдик беришет. Инвестициялоонун ишенимдүү куралы боюнча оптималдуу киреше депозиттер боюнча  чендердин жана банктын кредиттеринин орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк кредиттеринин чендеринен жогору болсо  (Кыргызстандын рыногунда улуттук валютада 22-25%) мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн.

№ 2 белги. Продуктунун жоктугу

Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул финансылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок, аларды эч ким колдонбойт: бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери ж.б.у.с. боюнча программалар. Бул продуктуларды сунуштаган компания улам келген адамдардын акчаларынан киреше алат.

№ 3 белги. Башка адамдарды тартуунун эсебинен киреше алуу

Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, бул керемет уюмду финансылык пирамида деп айтууга болот.

№ 4 белги. Топ менеджмент жана финансылык отчеттулук жөнүндө маалыматтарга кирүүго болбой тургандыгы

Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, сизге финансылык отчеттуулукту бербесе, ага акчаңызды салаардан мурда терең ойлонууңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот.

№ 5 белги. Баштапкы төлөм керек

Пирамидага кирүү үчүн адатта анча чоң эмес баштапкы төлөм орточо 100 дөн 500 долларга чейин талап кылынат. Силер берген акчалар көп өлкөлөргө жайгаштырылышы мүмкүн эмес: Кыргызстандан алып, Швейцарияда камсыздандырылып, Америкадан акция сатып алуу ж.б.у.с. Ошондой эле финансылык агылып кирүүгө көзөмөл кылуу мүмкүндүгү жоголот. Сизди финансылык пирамидага тартуу менен анын уюштуруучулары атайын терминдерди колдонушу мүмкүн, мисалы,  Форекс, Stocks, ФьючерсТрейдинг ж.б.у.с., булар кесипкөй эмес адамдарга түшүнүксүз.

№ 6 белги. Финансылык көз карандысыздыкка ишенимдүү  убада берүү

Көбүнчө финансылык пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучуларды зомбирлөөнү колдонушат. Финансылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөшүп, ишенимдүү убадаларды беришет. Оратор катары башка адамдардын эмоцияларын башкара алган адамдар сүйлөшөт.

№ 7 белги. Жыйналыш, байгелерди ойнотуу

Жамааттык иш-чараларга, бардык байгелерди, жолдомолорду  ойнотууларга чакырууларды кабыл албагыла. Финансылык пирамидалар муну ийгиликтүү жана кирешелүү компаниянын образын түзүү үчүн жасашат.

Эң негизги кеңеш: Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек: кепилденген жогорку кирешени убада кылууларга ишенбегиле, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле.  Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле.  Эмоциялардын жана убадалардын Сиздерге ээлик кылуусуна  жол бербеңиздер, өзүңүздөрдү башкара билиңиздер!

Акчаларыңарды берээрден мурун сөзсүз бардык уюштуруу жана уруксат берилген документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк ж.б.у.с.). Финансылык отчеттулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла.  Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлөөрүн, ошондой эле сиздин аманатыңыздын кайтарылуу мүмкүндүгүн билгиле  (сиздин акчаларыңыз кайда кетет).

FINCA катышуучулар акча же кандайдыр бир төгүм төлөй турган акцияларды өткөрбөй турганын расмий түрдө билдирет.

Эгерде сиз FINCA деген ат ушундай акцияларга байланыштуу аталып калса,  44 00  уюлдук номерине же  +996 312 440 440телефондору аркылуу сурап-билүү борборуна чалып коюуңуздарды өтүнөбүз.