Албетте, кредитти колдонуу жана кимдир-бирөөгө милдеттүү болуу идеясы кимге жаксын.  Эч кимге көз каранды болбой, бизнесиңди өз акчаңа өнүктүрүү пайдалуу эмеспи. Бирок, бул бар болгону туруктуулуктун иллюзиясы.

Эгерде сиздин ишканаңыздын өсүү потенциалы болсо жана ал ишке ашпай жаткан болсо, анда атаандаштарга сиздин рыногуңуздун үлүшүн алууга бир топ жеңил болот. Биз атаандаштардын аракеттерин эске албай коё албайбыз.

Көпчүлүк ишкерлердин бизнести кантип жакшыртуу жана көп киреше алууга болоору туурасында жеке түшүнүгү болот. Тобокелдикке жакыныраак бирөө кредит алып, бизнесин өнүктүрүү үчүн колдонот, мунун натыйжасында рыноктун башка катышуучуларынын позициялары начарлашы мүмкүн. Инвестициялар — бул жабдууларды модернизациялоо эмеспи (продукциянын жана кызматтардын сапатын жогорулатуу), жана рынокто экспанция үчүн мүмкүндүк.

Бирок, кредит каражаттарын пайдалануу автоматтык түрдө эч кимге пайда табууну кепилдебейт. Тескерисинче, туура эмес пайдаланган кредит компаниянын финансылык абалын начарлатышы мүмкүн.

Мындай кесепеттерди алдын-ала көрүү кыйын. Бир нече убакыт өткөндөн кийин гана бизнес-план жакшы даярдалганбы, максаттар так аныкталганбы, акча канчалык натыйжалуу инвестицияланганын көрүүгө болот.

Демек, карыз алуу керекпи, керек болсо – канча? Ишмердик чөйрөсүнө жараша карыздын ыңгайлуу деңгээли абдан айырмаланышы мүмкүн. Оптималдуу көрсөткүч компаниянын күнүмдүк кырдаалынан, жетекчилеринин  ишкер саптаттарынан, бизнес-стратегиядан, экономикадагы тренддерден көз каранды.

Ошондой эле көп нерсе компаниянын масштабынан көз каранды. Кичине жана орто компаниянын өзүнүн акцияларын чыгарууга, баалуу кагаздарды жайгаштыруудан түшкөн кирешени карызды төлөөгө жана бизнести мындан ары өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондуктан мындай ишканалар карызга акча алуу менен байланышкан ар бир чечимди олуттуу карап, майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуусу керек. Кредит каражаттары сиздин бизнесиңизге көп киреше алууга жана рыноктогу позицияны күчөтүүгө жардам берет, бирок, ошону менен катар карызга алган каражаттардын айынан компаниянын абалынын начарлоо тобокелдиги бар.

Кредит алууда ишкерлер көбүнчө кандай каталарга жол беришет?

Кереги жок нерселерди сатып алуулар

Психологиялык жактан алганда, «башка» акчаларды өзүң тапкан акчаларга караганда  коротуу оңой. Мында карызга алган каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу тобокелдиги келип чыгат. Көбүнчө, бир караганда керектүү болгон буюм, чындай келгенде кирешени көбөйтүүгө жардам бербей, тескерисинче, чыгымга учураткан нерселер сатылып алынат.

Катчыларды жана кызматкерлерди көп санда алуу, өтө кымбат баадагы кеңсе эмерегин жана техника сатып алуу жана өтө муктаж болбогон башка нерселерге сарптоолор башында эле компаниянын финансылык абалын олуттуу начарлатышы мүмкүн.

Адатта, кийинчерээк мунсуз деле иштөөгө болмок экендиги белгилүү болот.

Адегенде сатуу рыногун таап алыңыз

Компаниянын негизги фонддордун өнүгүүсүнө  инвестициялоосу кооптуу, мисалы, сатып алуучулардын базасын кантип жайылтуу керек экендигин ойлонбой туруп же алар менен болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй туруп өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчун жабдуу сатып алуу.

Жабдуу сатып алууга сиз качан болсо да жетишесиз, сатуу рыногун табуу бир канча татаал. Эгерде инвестициялар кошумча сатып алуучуларды тартпаса, жаңы жабдууну сиздин чыгымдарыңызды кыскарта турган учурда гана сатып алуу керек.

Нормадан ашык кредит

Эгерде сиздин ансыз деле карызыңыз бар болуп, анын өлчөмү жылдык кирешеден 2-4 эсе ашык болсо, анда бизнес үчүн кредит берүү боюнча бардык мындан аркы кадамдарды санап чыгуу керек, мүмкүн башка каржылоо булагын издөө керек.

Сизге жаңы акчалар кандай гана кызыктуу өнүгүү перспективаларын ачпасын, өзүңө «токто» деп көп жолу айтасың. Рынок өсүп жатат, демек, бардыгы жакшы болууга тийиш. Бирок, мындай кырдаалда чыгымдарды кыскартууга токтолгон жакшы. Кантип кыска убакыт ичинде көп кредит алууга болот, таң калычтуу!

Кредит алуу анча деле кыйын эмес, аларды коротуу андан да жеңил. Эң кыйыны — алардан киреше алып, банкка төлөп кутулуу.

Сараң ашыкча төлөйт

Сараңдануу ашыкча сарптоо сыяктуу эле бизнес үчүн зыян. Мында компания үчүн эң пайдалуу, эң керектүү нерсе жөнүндө сөз болуп жатат. Эгерде кандайдыр бир нерсени сатып алуу менен сиздин чыгымдарыңыз бир нече эсеге азая турган болсо, сараңдануунун кереги жок.

Эгерде сизге ката кетирүүдөн этият болууга жана айласыз кырдаалдан чыгууга жардам бере турган кеңеш керек болсо, адискөй кеңеш берүүчүгө акча төлөөдөн тартынбаңыз.

Адегенде  — киреше, андан кийин – карызга алуу

Кредиттер бизнести кошумча жол менен каржылоодон ашык нерсе эмес. Башында эле компанияда өз каражаттарыңдын көп бөлүгү болуш керек. Андан кийин бизнести каржылоо негизинен кирешенин эсебинен жүргүзүлүшү керек. Албетте, иштеп тапкан киреше күндөлүк жашоого, кымбат машинага жана башка кирешенин «оюнчуктарына» жетүүгө тийиш, антпесе, бул бизнести жоготууга алып келет.

Ашык каражаттардын жоктугу

Эсептериңизде таптакыр акча жок болсо, кредит алуу же бардык карызга алган акчаларды коротуп коюп, банкка жөнөө өтө тобокелдүү. Кандайдыр бир өтүмдүүлүктүн (пайданын) жоктугу карыз алууга тоскоолдуктарды жаратышы.

Убакыт-алтынга тете болушунун туура эмес катышы

Кредитти өтө шашылыш түрдө мөөнөтүнөн мурда жабуу пайданы жоготууга алып келиши мүмкүн. Жана тескерисинче, кредитти төлөөнү мурда белгиленген мөөнөттүн акырына чейин созуу ашык акчаларды пайыздарга төлөп, бизнеске зыянын тийгизиши мүмкүн.