Ушуну менен катар эле жубайларга дагы бир оңой эмес тапшырма турат: кирешелерин жана чыгымдарын кантип бөлүштүрүү керек? Азыркы ата-энелер акчага рационалдуу мамиле кылууга үлгү болуулары тийиш. Балдар атасынын машинасы көп акча тураанын гана билбестен, алар оор эмгек менен табылаарын, акчалар бактын башында өсүп турбасын түшүнүүлөрү керек. Болгону акча маселесин балдарга түшүнүктүү тилде түшүндүрүү керек.

Балдар «акча түшүнүгүнө» төрөлгөндөн тартып эле ээ деп айтууга болбойт.  Балдар көргөн, уккан нерселеринен үйрөнүп, тажрыйба алышат. Ошондуктан, ата-энелерге жүктөлүүчү милдет  — балдарда акчага болгон акыл-эстүү мамилени тарбиялоо. Ошондуктан, үй-бүлөлүк кеңештер — балдарга акча деген эмне экенин түшүндүрүүнүн эң мыкты ыкмасы.

Кантип туура чечимдерди кабыл алуу жана туура тандоо жасоо керек, керектүү нерсени алыш үчүн каражаттарды кандай пайдалануу керек жана керектүү сумманы күндөлүк керектөөлөргө жана «оор күндөргө» кантип сактап коюу керек?

Балдарды финансыларды башкаруу сырына үйрөтүүдө балдардын ар түрдүү болорун унутпаңыз. Алар темпераменти, өсүү деңгээли, кабыл алуу жөндөмү, тырышчаактыгы боюнча ар башка болушат. Ошого жараша алардын акчага болгон мамилелери да, акчаны башкаруу жөндөмдүүлүктөрү да ар башка болот.

Финансылык бешик

Үй-бүлө менен чогулуп, ийгиликтер, жолу болбостук,  пландар менен бөлүшүү үчүн убакыт табыңыздар. Ошондо гана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу сөз кылууга болот. Кайсы муктаждыктар биринчи орунда турат, эмнелерге көңүл буруу керек, кайсыларды токтото турууга болот. Азыр балаңарга ролик коньки сатып берүү керекпи? Балким, кийинкиге жылдырууга болбой турган башка маанилүү нерсе бардыр? Демек, ролик конькини кийинки айда сатып алууга болот.  Жумшалуучу акчаларды гана эмес, бюджетке түшкөн каражаттарды да талкуулоо керек. Үй-бүлөлүк бюджетти пландоодо балдар да катыша берсин. Аларга да өздөрүн тең укуктуу өнөктөш катары сезүүлөрүнө мүмкүндүк бергиле.  Мындай үй-бүлөлүк кеңештердин пайдалуу жактары көрүнүп эле турат.

«А Тимурга ата-энеси … сатып беришиптир», — ушул сыяктуу нерселерди ата-энелер көп угушат. Балага үй-бүлөнүн финансылык абалын кантип түшүндүрүү керек?

Бала сиздин үй-бүлөнүн чыгымдары биринчи кезекте үй-бүлөлүк кирешеден көз каранды экенин, жагдайларды жана жеке керектөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк бюджетти пландоодо эч качан башка байке, эжелерге карабашыбыз керек экенин түшүнөт.

Үй-бүлөлүк кеңештер ачык болушу керек. Балдар өздөрүнүн пикирлерин айта алуулары керек жана алардын пикирлерин уга тургандыгына ишенимдүү болууга тийиш. Балким, бул айда кызыңарга 100 сом ашык бөлүп берүү керектир? Анткени ал курбулары менен концертке барат эмеспи. А кийинки айда күнүмдүк акчаларын кайра бөлүштүрүп бересиз. Мүмкүн, ролик коньки сатып алуу үчүн акчасынын көбүн чогултуп койгон уулу балким жетпеген сумманы ата-энесинен сураар? Анда кезектеги оюнчукту сатып алуу оңойго жатат да.  Сиздин абалыңыз азыр анын каалоосу эмнеге аткарылбай жатканын түшүндүрөт. Балким каалаган нерсесин ал кийинчерээк сатып алаар.

Ушундай кеңештер ачык жана көңүлдүү, эркин атмосферада  өткөнү жакшы. Сиз акча маселесин финансист же банкир менен эмес, балаңыз менен талкуулап жатасыз да. Ошондуктан, жыйынтыгында сиз кабыл ала турган чечимдерди чечүү жоопкерчилигин балдарга түртө салууга болбойт. Аларды иштин жагдайынан кабардар кылып коюу жетиштүү, майда-чүйдөсүнө чейин айтуунун кереги жок. Муну тамаша түрүндө, жай түшүндүргүлө.  Эки окшош үй-бүлө болбой турганын эсиңерден чыгарбагыла. Ар бири акча маселелерин өз алдынча чечет. Ошондуктан, кандайдыр бир жалпы эреже жок жана болушу мүмкүн эмес.

Албетте, ата-энелер өздөрү акча маселесин жакшы түшүнүүгө жана үй-бүлөлүк бюжетти туура жүргүзүүгө тийиш. Сиздин үй-бүлөлүк бюджетти пландоо боюнча адис катары  көрсөткөн үлгүңүз чоңоюп калган балдарыңыздын акчага болгон мамилесин көп жерден аныктайт.

Үй-бүлөлүк кеңеште учурдан пайдаланып, балдарга белгилүү максат менен акча чогултуу туура экенин түшүндүрүү керек. Сиз балдарыңызга анча шашылыш эмес болгон нерсени кийинчерээк сатып алууга боло турганын түшүндүрө аласыз. Буюм колуңарда болгондогу канааттануу муктаждыкты дароо канаттандырууга караганда чексиз жогору болот. Мисал катары үй-бүлө жакынкы арада сатып алууну каалап жаткан буюмду талкуулоого болот. Мындай буюм ар кандай нерсе болушу мүмкүн – жаңы компьютерден тартып кафеге баруу же курортко баруу. Андан кийин каалаган нерсеге жетүүнүн ыкмаларын талкуулоого болот. Мисалы, эгерде күндөлүк чыгымдарды кыскартса (кафеге барууну токтотсо) же кирешени көбөйтсө (кошумча жумуш табуу) жаңы телевизор сатып алууга болот.

Күнүмдүк акчалар кантип иштейт?

Албетте, балдардын күнүмдүк чыгымдарга акчасы болууга тийиш. Бирок, эң башкысы —күнүмдүк акчалар жөнүндө маселеге үй-бүлөлүк бюджетти пландоого караганда көбүрөөк үнөмдөөгө туура келет. Баланы финансылык тарбиялоодо башкы роль күнүмдүк акчаларга бөлүнөт.

Күнүмдүк акчалар  – күн сайын төлөнүүчү дайыма белгилүү бир сумма. Ал ата-эненин талаптарынан жана баланын милдеттеринен көз каранды эмес. Күнүмдүк акчалардын суммасын баланын муктаждыктарын талкуулоо аркылуу аныктоо керек. Сумма бала сизден кошумча сурабагандай же классташтарынан карызга сурабагандай жетиштүү болушу керек. Акча тартип жазасы менен байланышпоого тийиш. Айрым ата-энелер акчаны жакшы баа,  үйдөгү милдеттерди убагында жана жакшы аткаргандыгы үчүн сыйлык катары колдонушат. Айрымдар, сиз эмес. Балдарды бардык нерсени сатып алууга жана сатууга болбой турганына ишендирүүнүн кереги жок.

Ата-эне баланы күндөлүк акчаларын үнөмдүү пайдаланып жаткан сайын мактап турууга тийиш. Бала туура кылып жатканын, кайсы нерсени мындан да жакшы кыла алаарын билиши керек. Эгерде бала ката кетирсе, күнүмдүк акчанын суммасын кайрадан кароонун кереги жок, акчасы бир нерсеге жетпейт калат. Андан көрө ал өзүнүн катасынын үстүндө иштегени жакшы, азырынча сөз чипсы, сагыз жана кино, паркка баруу тууралуу болуп жатат, төлөнбөгөн кредит, карыз ж.б. у.с. тууралуу эмес.

Балдарга эч качан кысым жасоого болбойт. Сиз кеңеш берсеңиз болот, бирок буйрук бербешиңиз керек. Катуу көзөмөл эртеби, кечпи балдардын акчага олуттуу карашына, өзүнө ишенүүнү жоготуп, жашырып жана уурдоосуна алып келет.

Балдарга дайыма эле кетирилген каталар тууралуу эскерте берүүнүн кереги жок. Ал эми үй-бүлөнүн финансылык абалы менен тааныштыруу сөзсүз керек.

Каалоолор үчүн акча чогултуу

Балдарды коротконго эмес, чогултканга үйрөткүлө. Балдарга акча таба тургандыгын түшүндүргүлө. Керек болсо балдар коротпой, чогултуп жаткан акчаларына символикалуу түрдо пайыз эсептеп койсоңуз да болот. Балдарыңарга акчанын эсебин жүргүзүүгө жардам бергиле. Мисалы, сатып алган нерселердин чектерин алар чогулткан акчалар кантип жана кайда кетип жатканын көрүшү үчүн сактап койсоңор болот (бул үчүн кадимки конверт жарайт).

Балдарды акчага туура мамиле кылууга үйрөтүү силердин милдетиңер. Сиздин келечегиңиз, балдарыңыздын, небере-чөбөрөлөрүңүздүн келечеги Сиз канчалык деңгээлде үйрөткөнүңүзгө жараша болот. Демек, сиздин колуңуздагы карталардай.

Эсиңиздерде болсун, бул көйгөйдү чечүүнү кийинкиге калтырган ата-энелер балдарынын каталары үчүн өмүр бою жапа чегиши мүмкүн (материалдык да, моралдык да).