Азыркы учурда барган сайын акчаны тааныштар жана достордон берип жиберүү көп колдонулбай калды, андан ыңгайлуу жана жөнөкөй система бар. Акча которуулар системасынын  пайда болушу менен адамдар көп убактысын жана күчүн коротпостон, сактап калышат. Бул макалада биз бул система кандай принцип менен иштейт жана анын кандай артыкчылыктары бар экендигин карайбыз.

Акча которуу — бул акчаларды банк жана почта системасы аркылуу которуунун формасы. Анын түзүмүндө дайыма жөнөтүүчү, алуучу, өзүнүн кызматтары үчүн белгилүү бир суммада акы алуучу ортомчу жана которуунун уникалдуу коду (ар бир системанын өзүнүн) болот.  Кандай акча которуу системалары бар?

Акча которуу системасынын өтө көп түрү бар, алар бири-биринен которуу ыкмалары, ылдамдыгы жана албетте, кызматтар үчүн тарифтери менен айырмаланып турат. Кыргызстандагы банктар 23төн ашык акча системасын сунушташат. Акыркы жылдары банк карталарынын жардамы менен жүргүзүлгөн акча которуулар көп таралууда.

Акча которуулар кантип жүргүзүлөт?

Акча которуу интернеттин жардамы менен жүргүзүлөт. Которуунун тездиги мейли чоң шаар болсун, же мейли кийинекей айыл болсун, адам жашаган аймактан же өлкөдөн көз каранды эмес. Интернет болсо эле которулган акча которуу системасына түшүп жана кардар көрсөткөн каалаган түйүндө берилиши үчүн 2-3 мүнөт жетиштүү.

Ички жана тышкы акча которуулар

Акча которуулар бир мамлекеттин чегинде да (мисалы, борбордон айылга акча которуу), ошондой эле чет өлкөгө да (мисалы, Америкага — сырткы акча которуулар) ар кандай валюталарда жүргүзүлөт. Акча которуулар экинчи жагдайда чет өлкөлүк валюталарда жүргүзүлүшү мүмкүн, алгандан кийин кардардын каалоосу боюнча жергиликтүү валютага алмаштырылат.

Акча которууну жөнөтүү үчүн эмне кылуу керек?

Кардар акча которуу кызматын көрсөткөн каалаган пунктка паспорту менен келип, паспортун көрсөтүү менен алуучунун фамилия, аты, атасынын атын, акча бериле турган аймак, өлкөнү көрсөтүшү керек. Андан кийин акчаны кассага төлөшү керек. Бул процесс болгону 3-5 мүнөт гана убакытты алат. Ошондой эле сиз акча которгондон кийин оператордон которуу кодун алып, акчаны алуучуга айтышыңыз керек.

Акча которо турган компанияны же банкты тандаганга чейин алуучу турган аймакта акча которууну алуу пункту бар экенин тактоо маанилүү.

Которулган акчаны алуу үчүн эмне кылуу керек?

Которулган акчаны алууда алуучу акча которууларды тейлөө пунктуна келип, паспортун, (ID — КР жарандары үчүн), которуунун кодун көрсөтүп жана  сумманы айтышы керек. Керектүү бланкты толтургандан кийин кардар акчаны алуу үчүн кассага келет.

Акча которуунун кандай артыкчылыктары бар?

Акча которуунун негизги артыкчылыгы — банк эсебин ачуу зарылдыгынын жоктугу жана тездиги. Мында Нарында жашаган кардар Бишкекке акча которууда паспорту гана болсо которо алат.

Учурда бул коопсуз системалардын бири, бардык тейлөө пункттарында видеобайкоо болгондуктан, компаниянын ичинде ар бир кызматкер атайын процедураны карманат.

Акча которуулардан мамлекет кандай пайда табат?

Биздин коңшу өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештер туугандарына жана жакындарына каражаттарды жөнөтүүлөрү үчүн акча которуу системаларын колдонушат. Өлкөнүн тургундары үчүн бул ыңгайлуу: каалаган убакта адамдар келип акча которуп же ала алышат, муну менен убактыларын жана каражаттарын үнөмдөй алышат. Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн кирешенин маанилүү, кээде негизги булактары болуп эл аралык акча которуулар эсептелет.