«Ишене албай турам, акчалар кайда кетип жатат. Дайыма эле айлык жетпей калат. Карызым чачтан көп!» — деген сыяктуу тааныштарыбыздын сөздөрүн көп угабыз. Ошону менен бирге көп убакыт өтпөй эле түнкү клубда кандай жыргап эс алганын, көңүл көтөрүү үчүн дүкөн кыдырып, акыркы моделдеги смартфон сатып алгандыгын айтып отурушат.  Ошондой эле машинанын дөңгөлөктөрүн кышка карата алмаштыруу керектигин, жетишпей же кымбат же азыр акча жок болуп жатканын айтышат.

Биз бюжетти көзөмөлдөө жана пландоо боюнча бир нече практикалык сунуштарды сиздер менен бөлушүүнү туура таптык. Аны менен акчаны туура пайдаланууга эмне тоскоол болуп жатканын түшүнүп алабыз.

Финансыбызды көзөмөлгө алууга тоскоол болгон себептер:

  • каражаттарды эсептөө маанилүү экенин түшүнбөө;
  • көзөмөлсүз сатып алуулар;
  • карыздарга жана кредитке жеңил ой менен кароо;
  • эң эле жөнөкөй нерсе – жалкоолук.

Биринчи кезекте биз финансылык көйгөйүбүз бар экенин түшүнүшүбүз керек. Анан эсиңиздерде болсун: алардын пайда болушуна сиз ыңгайлуу шарттарды түзүп бердиңиз. Финансылык сабаттуулук темасында пайдалуу китептерди окусаңыз, ашыкча болмок эмес. Айрымдарды бул үйрөтөт, ал эми ар дайым окуп тургандарга бул эң мыкты мотивация болот.

Сабатсыздыкты жоюудан кийин эмне кылуу керек?  Жоопкерчиликтүү болуу керек, сиз үчүн сиздин карыздарыңызды эч ким кылдат карабайт. Өз акчаларыңызды башкарууга сиз гана үйрөнүшүңүз керек.

  1. Чыгымдарыңызды жазуу жүзүндө пландаңыз. Пландоонун оптималдуу мөөнөтү – 2 жума. Атайын блокнотко ай сайын сарпталуучу суммаңызды жазыңыз. Бул кредит, коммуналдык кызматтар, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, бизнести өнүктүрүү, балдардын окуусу ж.б.у.с. болушу мүмкүн. Бул суммалар болжолдуу эмес, белгиленген сумма болушу керек. Бул сумманы так белгилөө кыйын болсо, сиз үчүн реалдуу болгон санды жазыңыз же чыгымдар жөнүндө бат-бат жазып туруңуз.
  2. Банктан айлыгыңызды (же башка түшкөн акчаларды ) жазылган пункттар боюнча гана алыңыз. Көңүл буруңуз! Бир кичинекей нерсе бар: купюралар майда болушу керек, антпесе башында эле коротууларга учурайсыз. Тактап айтканда, сизде жол киреге 600 сом деп жазылган болсо, сиз 600 сом алышыңыз керек. Ошондо сиз акчалар кайда кетип жатканына таң калбайсыз.
  3. Бөлүнгөн сумманын сарпталышына, чектен чыкпоосуна көңүл буруңуз. Дароо эле айтып коелу, бул пункт – эң оор. Жашоо деген жашоо да. Пландалбаган да чыгымдар болот. Ошондуктан, күтүлбөгөн чыгымдар үчүн сөзсүз конверт түзүп коюу керек. Бирок, ал жакта сумма көп болбошу керек, негизгисин сиз пландап койдуңуз да. Ал эми азыр эң маанилүү нерсе! Чыгымдар пунктунда «топтоолор» деген пункт болууга тийиш.  Бул сиздин тийишпей турган ресурсуңуз.  Ага кирешенин 10% кем эмес бөлүгүн бөлүү керек жана кандай жагдай болбосун, ага тийбеш керек. Дагы бир жакшы схема, ошол акчаны дароо депозитке салсаңыз жакшы.
  4. Карыз жана кредит маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз. Эгерде кредитиңиз же карызыңыз болсо, толугу менен өз убагында төлөңүз.
  5. Акчаны керексиз майда-чүйдө нерселерге коротуунун кереги жок. Эгерде сиз эксперимент жасап, бир айда коротконуңуздун бардыгын жазып жатсаңыз, андан кийин санасаңыз, таң каласыз. Бюджеттин негизги жегичи – пайдасы жок майда-чүйдө нерселер.
  6. Күнүмдүк жашоого кеткен чыгымдардын суммасын белгилеңиз. Эгерде бул сумма чектен чыгып кетсе, анда кийинки күнгө жумшала турган чыгымдар кыскартылат.
  7. Эгерде сиз чоң нерсе сатып алганы жатсаңыз, биринчи эле жолуккан дүкөндөн алууга болбойт. Андан көрө фирмалык бөлүмдөрдү жана соода борборлорун карап көргөн жакшы. Албетте, баасы жана сапаты тууралуу маалыматтарды алуу үчүн убактыңыз кетет, бирок, мындай учурларда ансыз болбойт.

Каражаттарды туура пайдалануу маанилүү, ошондуктан, бюджетиңизди көзөмөлгө алыңыз. Ошондо акчалар кайда кетип жатат деген суроо сиздин тынчыңызды албай калат.