Урматтуу кардарлар!
Сиздерге «SMS-билдирүү» кызматын акысыз колдонуу мөөнөтү 1-январга чейин узартылгандыгы жөнүндө маалымдайбыз.
Мурда маалымдалгандай, кызмат 1-сентябрга чейин гана акысыз болгон.
«SMS-билдирүү» кызматы эсептеги операциялар тууралуу маалыматты алууга мүмкүндүк берет:
- акча каражаттарынын жүгүртүлүшү;
- депозитти пландуу толуктоолор;
- депозит мөөнөтүнүн аяктоо күнү;
- насыя боюнча пландуу төлөмдөр;
- насыя боюнча төлөмдүн мөөнөтүнүн өтүшү.
Кызмат Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Кызмат 2017-жылдын 1-январына чейин акысыз. Андан кийин кызмат баасы жеке жактар үчүн айына 25 сомду түзөт.*
«SMS-билдирүү» кызматын кошуу үчүн FINCA Банктын каалаган филиалындагы кардарларды тейлөө боюнча адистерге кайрылыңыздар.
*Кызмат үчүн акы эсептен алынат; кардардын талап болгонго чейинки эсеби жок болгон учурда, кызмат акысын банктын кассаларына төлөө керек.