Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

«ФИНКА Банк» ЖАК эл аралык финансылык түзүмдөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууда жана кардарларына тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүлөрүнө жакшы шарттарды түзүп берүү максатында дүйнөнүн эң ири банктарынын биринде, атап айтканда LANDESBANK BADEN-WUERTTEMBERG, LBBW (Германия) банкында эки валютада (АКШ доллары жана ЕВРО) корреспонденттик эсептердин ачылгандыгы тууралуу маалымдайт.

Корреспонденттик мамилелер кардарларыбызга чет өлкөдө операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин эсиңиздерге салабыз. Коммерциялык банктардын мындай мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуусу – чет өлкөлүк рынокко кирүүнүн башка уюмдук-институттук түрлөрүнө салыштырмалуу анча кымбат эместигине байланыштуу.

Банктын ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрүнө соода каржылоосу, депозиттерди тартуу, кардарлардын эсептерин тейлөө, кредиттерди жана кепилдиктерди берүү, о.э. баалуу кагаздар жана чет өлкөлүк валюталар менен операцияларды жүргүзүү кирет.

Бүгүнкү күндө Landesbank Baden-Wurttemberg өзгөчө банктык институт болуп саналат жана ал өз кардарларына корпоративдик жана чекене бизнесте финансылык кызматтардын кеңири түрүн сунуштайт. LBBW банкынын негизги кардарларына Merсedes-Bеnz, Porsche, BOSCH, Siemens, BOSS, TRUMPF жана башка көптөгөн ири жана белгилүү компаниялар кирет.