FINCA Банк 2017-жылдын 14-июнунда Ош шаарында жаңы Аманат кассасын ачты. Ал борбордук жана «Келечек» базарларынын ортосунда, «Пекин» соода үйүнүн жана аты уйкаш мейманкананын жанында жайгашты, б.а. анын жайгашкан жери күн сайын бул районго соода-сатык үчүн келген шаар тургундары үчүн ыңгайлуу болду. Андан сырткары, бул жерде унаа кыймылын жеңилдетүүчү ашма көпүрө да бар жана ал көпүрө шаар тургундарынын жана меймандарынын сүрөткө түшүүчү жери болуп калды.

Ошентип, FINCA Банк Навои көчөсү, 11«а» дарегинде заманбап жасалгаланган кеңсени ачуу менен кардарларга дагы жакындап, жеткиликтүү болду. Бул жерден алар финансы маселелери боюнча кеңештерди ала алышат жана насыя берүү, эсептик эсеп ачуу, депозиттерди салуу, акча алмаштыруу, акча которуу (анын ичинде комиссиясыз) сыяктуу кызматтардын кеңири түрлөрүн пайдалана алышат.

Ошондой эле кеңседен тышкары төрт жаңы төлөм терминалдары орнотулду, жакында дагы экөө ишке киргизилет.

FINCA Банкта бүткүл өлкө боюнча бардыгы болуп жерине баруучу кассаларды эсептебегенде 73 тейлөө түйүндөрү бар.