Балдарды куттуктоо бир күн менен гана чектелбеши керек, деп эсептешет FINCA Банктын кызматкерлери. Ошондуктан, 1-июндан кийин да алар жаш муундарды колдоого багытталган Жамааттык-социалдык жоопкерчилик боюнча долбоорлорду ишке ашырышты.

Маселен, Базар-Коргон филиалы ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт өткөрүүнү колдоду. Иш-чара өткөрүлгөндөн кийин тамактануу убагында адистер балдарга оюнчуктарды белекке беришти.

FINCA Банктын жамааты Кара-Балтадагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн акча чогултуп, белек катары кийим-кечектерди жана азык-түлүктөрдү сатып беришти.

Токмок филиалы Чоң-Кеминдеги Шабдан айылындагы балдар бакчасына электр духовкасын, плитка жана балдардын оюнчуктарын сатып берди.

Кочкор филиалы аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө азык-түлүк жана оюнчуктарды сатып берүү менен материалдык жардам көрсөттү. Андагы балдардын негизинен атасы же энеси жок же ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар бул белектерге абдан кубанышты.