FINCA Банк эл аралык беделдүү The Banker финансылык басылмасынын тандоосу боюнча “ Кыргызстанда 2023-жылдын банкы” номинациясынын жеңүүчүсү болуп, өзүнүн ийгилигин жана лидерлигин далилдеди! Баракелде!

 

Бул биздин кардарлар үчүн реалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн технологияны жана инновацияларды активдүү өздөштүрүүбүз менен мүмкүн болду.

 

2023-жылдын ичинде биз технологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, банктык кызматтарыбызды дагы да ыңгайлуу кылдык. Онлайн-банкинг биздин кардарларыбызга электрондук кол тамганы колдонууга, онлайн кредиттерди алууга жана тиркеме аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген негизги куралыбызга айланды.

 

Биз ошондой эле кардарлардын кредиттик тарыхы болбосо дагы, алардын кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берген уникалдуу системаны ишке киргиздик. Биздин тутум кардарлардын ар кандай маалыматтарын, анын ичинде социалдык, демографиялык жана каржылык мүнөздөгүчтөрүн алардын кредиттик жөндөмдүүлүгүнө тез баа берүү үчүн колдонот. Ал насыяларды алуу процессин бир кыйла тездетет.

 

FINCA Банк Башкармасынын Төрагасы Махмуд Сайдахматов кубанычын: “Биз Кыргызстандагы жакырчылыкты кыскартууга салым кошконубузга сыймыктанабыз. Келечекте биз өнүмдөрүбүздү жана кызматтарыбызды биздин кардарлар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып өркүндөтүүнү улантууга ниеттенебиз.”

 

FINCA Банк инновациялар жана кардарларды тейлөөнүн сапаты боюнча лидер болуп, заманбап финансылык чечимдерди гана сунуштап жатканы чоң сыймыктантат жана ушундай эл аралык абройлуу басылмалар бул жетишкендиктерди сыйлыктар менен белгилешет.