FINCA Банк Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын ыраазычылык тастыктамасын алды. Тастыктама биздин банкка АКШнын Биринчи ишкердик озуйпасынын Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында көрсөткөн колдоосу жана шериктештиги үчүн тапшырылды.

«Биз түзүлгөн ишкердик мамиленин сакталышына ишенебиз жана буга окшогон иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы бизнес-кызматташтыктын мындан ары да өнүгүшүнө түрткү болооруна үмүттөнөбүз. Дагы бир жолу көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары да үзүрлүү кызматташабыз деп ишенебиз», – деп айтылды КР Америкалык соода палатасынын билдирүүсүндө.