FINCA Банк Бишкек шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин болуп өткөн «АгроПродЭкспо» көргөзмө жармаңкесине катышты.

13-Эл аралык «АгроПродЭкспо – 2017» көргөзмө жармаңкеси кайра иштетүүчү өнөр жайы, айыл чарбасы, таңгактоо жана технологиялар боюнча Кыргыз Республикасындагы жалгыз адистештирилген жармаңке болуп эсептелет. Муну менен катышуучу компанияларга чыгарып жаткан жана дистрибуциялык продукцияларын эл алдына алып чыгуу, жаңы өнөктөштөрдү жана кардарларды жолуктуруу мүмкүнчүлүгү берилет. Көргөзмөнүн ишкердик бөлүгүндө адистердин жолугушуусу, сүйлөшүүлөр жана өндүрүүчү компаниялардын бетачарларын өткөрүү каралган.