2017-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргызстандын ишкер айымдарын жана бизнес-коомчулуктун өкүл-айымдарын Ишкерлер күнү менен салтанаттуу куттуктады.

Майрамга ишкердикти өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон айымдар чакырылды, алардын ичинде FINCA Банктын Төрайымы Маргарита Черикбаева да болду.

КРнын Премьер-министри салтанатка катышкан ишкер айымдарга ийгиликтерди жана жаңы карьералык бийиктиктерди каалап, алардын бизнестери андан ары да өнүгөөрүнө зор үмүтү бар экендигин билдирди.