FINCA Банктын Бишкек филиалы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жер-Казар айылында жайгашкан «Нур бакча» балдар бакчасынын орто топтогу балдары үчүн балдар аянчасын жабдууга жардам берди.

Ошондой эле, бул филиал Бишкектеги «Үмүт-Надежда» деп аталган балдардын реабилитациялык борборунун имаратына катар орнотулган бастырманы алмаштырууга акча бөлүп берди. Мындан сырткары, бул социалдык мекемеге ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн музыкалык аспаптардын топтомун белекке берди.

Ошол эле убакта Кербен филиалы Ала-Букадагы автобекетти оңдоо үчүн 180 миң сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди, анын негизинде күтүү залында брендделген отургучтар орнотулуп, ага жанаша жайгашкан аймак да жаңыртылды.

Ноокат филиалы болсо Ноокатта таштандылар үчүн үкөктөрдү орнотту.