Бир нече социалдык мекемелер июнь айында FINCA Банктан жардам алышты.

Токмок филиалы Кеминдеги «Луч солнца» менчик карылар үйүнө матрастарды, жайкы сланцыларды жана шейшептерди, жаздык каптарды сатып берип, жардам көрсөттү.

Токтогул филиалынын Кара-Көл сактык кассасы өз кезегинде Боронбай Рысбеков атындагы Жалпы врачтык практика борборуна дерматин шейшептерин жана жууп-тазалоого керектүү болгон нерселерди сатып берүү менен жардам берди.

Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери болсо аллеянын боюндагы отургучтарды жана беседкаларды жаңыртып, облустук төрөт үйүнүн аймагын көрктөндүрдү.