FINCA Банк юридикалык жактар үчүн сом жана чет өлкөлүк валюталарда банк эсебин ачуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштайт.

Алыш-бериш эсебинин болушу сиздерге төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • Нак каражаттарды коопсуз сактоо (сом, АКШ доллары, рубль, евро, тенге)
  • Бизнестин өзгөчөлүгүнө жараша акча каражаттарын эффективдүү жана ыкчам башкаруу
  • Кредитти эсеп менен алуу жана төгүү
  • Нак эмес алмашуу операцияларын жүргүзүү
  • Эсептен акча которууларды алуу, жүргүзүү:

– жабдуучуга/өнөктөшкө товар үчүн төлөө, салыктарды, коммуналдык кызматтар ж.б. төлөө үчүн Кыргызстандын ичинде улуттук валютада акча которуулар («Клиринг» и «ГРОСС»);

– Кыргызстандын ичинде Банктын кардарларынын эсептеринин ортосундагы акча которуулар (сом, АКШ доллары, рубль, евро, тенге менен).

Ошондой эле эсептик-кассалык тейлөөнү колдонуу:

  • Эсеп ачуу жана тейлөө — акысыз
  • Эсепке накталай төлөө
  • Эсептен накталай алуу
  • Эсеп боюнча көчүрмөлөрдү берүү

FINCA Банкта тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • Эсепке минималдуу төгүмдүн болушуна талаптын жоктугу
  • Эсепте минималдуу калдыктын болушуна талаптын жоктугу
  • Эсеп ачуу жана эсепти тейлөө үчүн комиссиянын жоктугу
  • Бардык каражаттарга жеткиликтүүлүк
  • FINCA Банктын бардык филиалдарында каражаттарга жеткиликтүүлүк — Кыргызстандын бардык облустарындагы 24 филиал
  • Жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча эл аралык тажрыйба — 30 жылдан ашык
  • FINCAнын 1 800 000ден ашык кардарларынын ишеними —дүйнөнүн 21 өлкөсүндө

Кардарларды коргоо принциптери — SMART Кампаниясы тарабынан тастыкталган