«ФИНКА Банк» ЖАКтын «Финансылык сабаттуулук» долбоору — бул өнүгүүнүн ар түрдүү багыттарын, жолдорун жана аспаптарын камтыган көп компоненттүү программа. Анын алкагында билим берүү материалдарынын жана тренингдердин сериясы даярдалган. Финансыны кантип туура башкаруу керектигин: акчаны бардык каалаган адам сарптай жана топтой ала тургандыгын билүү.
FINCA Кыргыз –Орус Славян университети менен биргеликте даярдалган финансылык сабаттуулук боюнча окуу китебинин электрондук вариантын жарыялайт. Бул китеп — теориялык негиздер менен практикалык тажрыйба айкалышкан жаңы базалык курс.
Чыккан жылы: 2015
Авторлору:
Хикматов Умеджон Сафаралиевич- экономика илимдеринин доктору, Stonier Америка банк мектебинин бүтүрүүчүсү, «ФИНКА Банк» ЖАКтын аймактык операциондук менеджери.
Койчуева Мээрим Тураровна- экономика илимдеринин доктору, Кыргыз –Орус Славян университетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын доценти, Кыргыз-Япон окуу борборунун бизнес-пландоо боюнча кеңешчиси.