Максаттарын аныктоо

Финансылык өнөктөштү же мындайча айтканда, сизге кредитке акча бере турган компанияны издөөдөн мурда адегенде «Мен карыз алуум керекпи?» деген суроого жооп бериңиз.

Финансы мекемеси менен потенциалдуу кардардын байланышы алдыга койгон максаттан башталат.  Ар бир тараптын максаты болот. Финансы мекемеси кардарга өнүгүү үчүн убактылуу пайдаланууга акча берет, ал эми кардар – умтулган нерсесин алат.

Эгерде сиз банкты же микрокредиттик компанияны өз максатыңызды ишке ашыруу мүмкүндүгү катары карасаңыз (бизнести кеңейтүү, машина же батир сатып алуу), анда өзүңүзгө төмөнкү суроолорго жооп бериңиз: «Мага кредит берүүчү ишенип, каражат берүүсүн тастыктагыдай кирешелерим жетиштүүбү? Мен кредитти башка чыгымдарга зыян келтирбей төлөй алаарымды далилдей аламбы?».

Маалыматтарды топтоо

Маалымат топтоо — чечимдерди кабыл алууда максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берген эң маанилүү этап. Ар бир финансы мекемесин бардык майда-чүйдөсүнө чейин билүү маанилүү: пайыздык чендери, комиссиялык жыйымдарынын өлчөмдөрү, кредиттин мөөнөтү кандай жана кредиттин өлчөмүнө таасир эте турган башка маалыматтар.

Биз маалыматты топтоо жана иштеп чыгууну жеңилдетүү, өнөктөштү аныктап, кредитти канчалык кыйналбай төлөй алуусуна жардам катары төмөнкү кеңештерди сунуштайбыз. Белгилей кетчү нерсе, ушундай принцип боюнча финансы мекемесинин башка кредит жана депозит продуктулары үчүн таблица түзүүгө болот.

Кызматташууга даяр болуу

Маалыматтарды топтоп, анализдегенден кийин сиз кайсы финансы мекемеси менен иштөөгө даяр экендигиңизди тандадыңыз дейли. Дагы бир жолу төмөнкү учурларга көңүл буруңуз:

  • кредиттин шарттары, анын ичинде пайыздык чендерге канааттануу;
  • кредитти төлөө үчүн үй-бүлөгө зыян келтирбегидей кандай суммада кредит алууну аныктоо;
  • финансы мекемесиндеги тейлөөнүн сапаты. Финансы мекемесинин кызматкери продуктунун/кызматтын шарттарын шашпай, жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берди. Кызматкер сылык түрдө сиздин  маалыматыңызды угуп жана суроолорду берип, кабыл алууга даяр.  Кызматкер продуктулар жөнүндө маалыматтарды жакшы билет, бул сиздин финансы мекемесине келген убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет.

Жакшы кредит берүүчүнүн бейнеси

Кардар менен финансы мекемесинин натыйжалуу мамилелери бул анын катышуучуларынын укуктары жана милдеттенмелери менен коштолуучу эки тараптуу процесс экендигин белгилеп кетүү керек. Финансылык өнөктөш өзү тараптан сапаттуу тейлөөнү кепилдейт. Мисалы, кардарлардын керектөөлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген продуктуларды түзөт. Кредит берүүнүн шарттарын түшүндүрүүдө кардарга түшүнүктүү тилде сүйлөйт, ага кайсы продукт же кызмат керек экендигин түшүнөт.

Кардарлардын карызга батууларына (ашыкча кредит алуусуна) жол бербейт, тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу эскертет, айрым учурларда кредит берүүдөн баш тартат.

Баа коюу маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылат, өлкөдөгү кырдаалды эске алып, өз озуйпасын так аткарат.

Кардарларга адилет  жана сый-урмат менен мамиле кылат, демек, кардарга жагымдуу жагдайда маселелерин чечүүгө шарт түзөт.

Кардарлардын маалыматтарынын жашыруун сырдуулугун сактайт, кардар тууралуу маалымат компетенттүү органдарга кардардын макулдугу менен гана берилет.

Даттанууларды алуу, кароо жана чечүүнүн бардык механизмдерин колдонот.

Тырышчаак карыз алуучунун бейнеси

Бирок кардар да өз кезегинде бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана кызматташуу ийгиликтүү болот:

  • өзүнүн финансылык мүмкүндүктөрүн туура баалайт;
  • суралып жаткан маалыматты туура берет;
  • өзүнүн милдеттенмелерин аткарат жана өз укуктарын колдонот;
  • кредитке байланышкан бардык маселелерди өзүнүн финансы өнөктөшү менен талкуулайт.

Мына ошентип, бардык катышуучулар узак мөөнөттүү жана натыйжалуу мамилелерди түзүшөт