Алгач терминологияны түшүнүп алалы:  банк депозити   – жеке жана юридикалык жактын пайыз түрүндө киреше алуу үчүн банкка берген акчасынын суммасы.  Депозит үчүн пайыздар финансылык операциялардын жүрүшүндө түзүлөт.

Мисалы, бир адамдын акчасы депозит катары тартылат жана башка адамга кредит катары берилет. Ошентип, коммерциялык банк адамдардын ортосунда эки тараптын тең муктаждыктарын камсыз кылган финансылык ортомчу болот.

Бул депозит деген эмне экендигинин кыскача түшүндүрмөсү. Азыр банкта эмне үчүн депозит эсебин ачуу керек жана аны кантип пайдалануу керек деген суроону кароону сунуштайбыз.

Депозиттердин түрлөрү

Мөөнөттүү депозиттерди бир нече категорияларга бөлүүгө болот – узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү. Узак мөөнөттүү депозит каражаттарды 12 айдан көп мөөнөткө жайгаштырылган депозиттерди түшүндүрөт. Орточо мөөнөттүү 3-9 ай, кыска мөөнөттүү 1-3 айга жайгаштыруу болуп саналат.

Эгерде сиз каражаттарыңызды банктагы эсебиңизге мөөнөттүү депозиттин шарттарында салсаңыз, анда колдон келишинче каражаттарыңызды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда албаганыңыз оң, антпесе акчаларыңызга эсептелген пайыздарды албай каласыз же аз аласыз. Ар бир банктын депозиттер жана алардын шарттары боюнча өзүнүн саясаты бар. Сиздин каражаттарыңызды белгилүү мөөнөткө депозит катары алуу менен банктар өз чыгымдарын дал ошол мөөнөткө эсептешет. Белгилей кетчү нерсе, депозит боюнча бардык шарттар адатта банкта сүйлөшүлөт.

«Талап боюнча төлөнүүчү» депозит мөөнөтүнө, максаттарына жана суммасына карабастан ачылат.

«Талап боюнча төлөнүүчү» депозит банк эсебин анча чоң эмес пайыздык киреше менен же таптакыр пайызсыз колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Мында эсептен акчаны каалаган убакта алууга болот. Мындан тышкары, андан башка жактын, ишкананын  эсебине акча которууга  же банктын кассасы же банкомат аркылуу накталай кылууга болот.

Пайыздарды эсептөө ыкмасы

Пайыздарды капиталдаштыруу. Депозиттин мөөнөтү бүткөндө эсептелген пайыздар жөн гана кардар банктан алып кетээрден мурун же банк менен келишимди узартуунун алдында кошулат. Мисалы, эгерде сиз 1 жылдык мөөнөткө жылдык 10% менен 1000 сом салсаңыз, бир жылдан кийин эсебиңизде 1100 сом болот.

Эсептелген пайыздардын суммасы эсепке айына бир жолу кошулуп турат. Пайыздар ошондой эле кварталына бир, жылына бир ж.б. эсептелиши мүмкүн.

Аманаттын суммасы мында өзгөрүүсүз калат, бирок, сиз туруктуу киреше алып турасыз.

Пайыздарды капиталдаштыруу. Капиталдаштыруу депозиттин суммасына келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт үчүн пайыздардын кошулуусун түшүндүрөт. Ал эми кийинки мөөнөттө пайыздар аманаттын суммасына + пайыздардын суммасына эсептелет.

Бир караганда айырма анча чоң эмес, бирок, эгерде аманаттын суммасы чоң болсо, анда пайыздарды капиталдаштыруу пайыздык ченге олуттуу суммада кошулат.

Топтолуучу депозит. Бул депозит эсебине акчаны банк менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүндө белгилүү мезгилдүүлүк менен киргизүүгө болот. Пайыздар толукталган суммага жараша эсептелет. Депозиттин мындай түрү кимдин ай сайын туруктуу кирешеси болсо жана финансыларын сактап жана топтогусу келгендер үчүн ыңгайлуу.

Бул макалада биз депозиттин түрлөрү жана пайыздарды эсептөө ыкмалары жөнүндө теманы кыскача ачып бердик. Кийинки материалда каражаттарды сактоо эмне үчүн маанилүү экендигин жана бул үчүн кепилдиктер кандай экени тууралуу айтып беребиз.