FINCA Банк жайлоодо өнүктүрүү борборлорун ачууну колдоого алды. «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор, алыскы аймактардагы балдарга мектепке даярданууга жана окууга мүмкүнчүлүк берет. Бул демилгенин натыйжасында, балдар  атайын жабдылган боз үйлөрдө билим алышат.

Ушул жылы банк өлкөнүн ар кайсы тарабындагы 3 балдар бакчасын ачууга көмөктөштү. Алар – Чоң-Алай районундагы Жекенди, Ала-Букадагы Өрүктү жана Түп районундагы Санташ жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору.

Жогорудагы мекемелердин тарбиялануучулары үчүн зарыл болгон бардык кеңсе товарлары жана окуу материалдар даярдалган.

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору жайы бою толук иш алып барат.

Бул долбоорду FINCA Банк үч жылдан бери колдоп келет.