Урматтуу кардарлар!

«ФИНКА Банк» жабык акционердик кому Сиздерди урматтоо менен 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап жаңы операциялык банк системасына өткөндүгү жөнүндө кабарлайт. Ушуга байланыштуу, 7-кичирайондогу Аманат кассасында («Глобус» гипермаркетинин жанында) 2-сентябрдан 18-сентябрга чейин кассадагы жана операциялык залдагы тейлөө тартиби өзгөрүлөт:

  • Дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин иш убактысы –  8.30 дөн 16.00гө чейин, кеңсе 17.30да жабылат.
  • Ишемби жана жекшемби (2, 3, 9, 10, 16, 17-сентябрь) – дем алыш күндөр.

2017-жылдын 18-сентябрынан баштап аманат кассасы өз ишин мурдагыдай тартипте улантат.

Кассанын иши жөнүндө кошумча маалымат үчүн сиз 0 (312) 440-440 же 4400 номерлери боюнча маалымат борборунун операторуна кайрылсаңыз болот (уюлдук телефондон чалуу акысыз).

Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана туура түшүнүү менен кабыл аларыңыздарга ишенебиз!

«ФИНКА Банк» ЖАК.