Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнү – бул адамдарга жеке каражаттарды үнөмдөө жана ал каражаттарды келечекке пландоо керек экендигин эске салуучу күн. FINCA Банк калкты акысыз негизде окутуу менен финансылык сабаттуулуктун жана акча сактоо маданиятынын деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат.

Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнүн белгилөөнүн алкагында FINCA Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана “Sparkasse” (Германия) эл аралык кызматташтыгы боюнча сактык кассалар фондунун демилгесинекошулат жана бир катар иш чараларды уюштурат. Октябрь айынын ичинде FINCA Банк адистери өлкө боюнча жогорку класста окуган мектеп окуучуларына тренингдерди өткөрүшөт. 24-октябрдан 31-октябрга чейин FINCA Банктын кеңселеринде чоңдор жана жаш балдар үчүн майрамдык иш чаралар өткөрүлөт. Иш чарада конокторго финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерге катышууга, банк продуктулары менен таанышууга жана FINCA Банк кызматкерлерине суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берген интерактивдүү жолугушуу форматында өткөрүлөт. Балдар үчүн бул күнү атайын окутуучу-анимациялык программалар уюштурулат. FINCA Банктын жана эл аралык кызматташтык боюнча сактык кассалар фондунун белектери камдалган.

FINCA Банк бардык кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнү менен куттуктайт жана ишчараларга катышууга чакырат. Бул күндөрдө FINCA Банктын адистери коноктор менен эң баалуу маалыматтар менен бөлүшүшөт. Убактыңызды көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүңүз! Иш чараларга катышуу акысыз.

FINCA Банктын кеңселеринде өткөрүлүүчү иш чаралардын графиги:

Сураныч, FINCA Банктын Бишкек шаарындагы Башкы кеңсесинде өткөрүлө турган иш-чараларга катышуу үчүн арызды толтуруңуз жана 25-октябрь күнү 12:00 гө чейин pr@finca.org.kg дарегине жөнөтүңүз.