Тээ 90-жылдары жаш Нурила Бишкекте ашпозчу окуусун окуган жана энтузиазм менен мекени Таласка кайрылып келип, өз адистиги боюнча иштегиси келген. Бирок 90-жылдардын катаал шарттары өз кыялын ишке ашырууга мүмкүндүк берген эмес эле. Турмушка чыгып, көпчүлүк аялдар сыяктуу эле тиричилик көйгөйлөрү менен алпурушуп кетти, кыялын унутту, жан багуунун аракетинде жүрүп жатты.

Бирок Нурила тез эле өзүн колго алып, соода өнөрүн үйрөнүп, “Береке” жергиликтүү базарында өзүнүн соода түйүнүн ачууну чечти. Жабдуучулар менен сүйлөшүп, ал өзүнүн туруктуу кардарларына ээ болуу менен кызуу соодасын баштаган. Жүгүртүүлөр өсүп,  өз бизнесин кеңейтүү убактысы келди жана тагдыр Нуриланы “ФИНКА Банк” ЖАКтын Талас филиалынын кеңсесине алып келди. Насыя алуу менен Нурила соода аянтын чоңойтууга жетишип, товардын ассортиментин ар түрдүү кылып, аны менен бирге эле сатып алуучулар арасында популярдуулукка ээ болгон.

Үй-бүлөсү көбөйүп, уулу, кызы болуп бүгүн үй-бүлөсүндө 6 небереси бар! Нуриланын жолдошу ага жрдам берип, соода ишине колкабыш кылат, ал жасаган улуттук суусундуктар бозо жана жарманын даамы тамшандырат кимди болсо дагы. Ай сайын үй-бүлөсү насыяны кадимкидей эле төлөп келишет, башында кыйналышканын, бирок ар бир жаңы насыяны төлөө улам жеңил болуп баратканын айтышууда, Нурила болсо ушунун баары үчүн Банкка ыраазы.

Баласы көптөгөн жаштар сыяктуу эле ата-энесине жардам берип, жакшы киреше табуу үчүн Россияга кетип, оңдоо иштери менен иштөөдө. Ушуларды карап отурат, бактылуу үй-бүлөгө дагы эмнелер керек деп ойлойсуң?

Бирок нурила сыяктуу аялдар, тыч отура алмак эмес, ал даыма жаңылыктарга умтулуп турат. Ошентип жүрүп, өз учурунда ишке ашыра албай калган өз адистиги менен иштөө мезгили келген эле! Ал жакынкы учурларда өзүнүн наабайканасын ачып, анын ыкмасы менен ал өзү жана анын окуучулары үйдүн даамдуу нанын жаап бершүүдө.

Нурила жаш кезинде соода кылып иштеген, тактап айтканда КРде товар сатып алып, Россиянын шаарларына сатууга алып барган, ал Новосибирскиде, Москвада иштеген, аны тагдыр Жамбылга да алып барган! Европаны көрөм деген кыялы дагы деле жанына тынчтык бербейт….

“Мына өзүмдүн наабайканам менен иштеп, бизнесимди өнүктүрөм, анан үй-бүлөм менен эс алууга барабыз, иштегенге эмес, эс алууга бара турган жаңы өлкөлөрдү да көрөм деген ойдомун!”