Шекербүбү биздин өлкөбүздүн курорттук аймагында – Ысык-Көл облусунун Корумду айылында жашап, бизнесин жүргүзөт. FINCA Банк менен 9 жыл мурун кызматташуусун баштаган. Анда ал жолдошу менен бирге Банктын Чолпон-Атадагы кеңсесине финансылык колдоо алуу үчүн биринчи жолу кайрылган эле.

Шекербүбү жана анын жолдошу Алмаз өз айылына жакын жайгашкан айылдардан сүт сатып алып, аны андан ары иштетүү үчүн кайра сатышат. Бул убакыттын ичинде алар төрт баланы багып-өстүрүшүп, аларга татыктуу тарбия беришти, азыр болсо үч неберени тарбиялап жатышат. Бүгүнкү күндө Шекербүбү туруктуу бизнеске ээ жана ал бизнеси анын үй-бүлөсүн туруктуу киреше менен камсыз кылып турат. Ал FINCA Банктын жардамы, колдоосу жана мыкты тейлөөсү үчүн абдан ыраазы болуп, Банк менен мындан ары да кызматташуусун улантаарын билдирди.