Адашхан ар бир үй-бүлөгө өтө керек болгон нан жабуу менен алектенет. Төрт баланын энеси Адашхан 15 жыл мурун биринчи алган кредитине ун сатып алган.

22 жыл бою нан жабат, мурун өзү шаарга барып нан сатса, азыр анын тандырга бышкан ысык токочторун күндүн биринчи жарымында эле жергиликтүү ашканалар алып кетишет. Күн сайын талыкпай эмгектенүү менен Адашхан өзүнө участок сатып алган, учурда ал 4 баласын чоңойтууда.