2019-жылдын 12-мартында Global Finance журналы Нью-Йоркто дүйнөнүн эң мыкты банктарына “Global Finance Awards” сыйлыгын тапшыруунун 26-аземин өткөрүүнү жарыялады! Бул банктык жана финансылык тармактарда барктуу эл аралык сыйлыктардын бири болуп саналат.
Global Finance изилдөөлөрдү жүргүзүп турат жана динамикалуу өнүгүүнүн, инновациялык технологияларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн, ошондой эле стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун критерийлерине таянып, 150 ашык өлкөлөрдө мыкты финансылык институттарды тандайт. Бул жылы тейлөө сапаты менен бирге бизнес жыйынтыктары мыкты болгон банктар лауреат болушту.
FINCA Банкты эң тез өсүп-өнүгүп жаткан банктардын бири деп айтууга болот. Биз кызматтарыбызды жана продукттарыбызды дайыма өнүктүрүп, жакшыртып турабыз жана кардарларыбыз үчүн каражаттарды башкаруу процессин тез, ыңгайлуу жана натыйжалуу кылууга аракет кылабыз. Global Finance ардактуу сыйлыгын алуу – бул биз бир орунда турбастан, жаңы темп менен өнүгүп жатканыбыздын далили.