Tazabek бизнес-басылмасы жыл сайын өткөрүлүүчү «Жылдын мыкты банкы» долбоорун баштап, ага Кыргызстандын 25 банкы катышты. Банктардын 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча финансылык-экономикалык анализ жүргүзүүнүн негизинде банктардын рейтинги чыгарылды.
Ошондой эле, Акипресс жана Тазабек маалымат порталынын окурмандарынын арасында да добуш берүү жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы боюнча «ФИНКА Банк» ЖАК өлкөнүн эң мыкты беш банкынын катарына кирди!
«ФИНКА Банк» ЖАКтын жетекчилиги бардык кардарларына жана кызматкерлерине үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирет жана жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайт!