МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 552 «Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган карыз алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Токтому боюнча ушул тактоого көңүл бурууңуздарды суранабыз.
Токтомго ылайык, 2020-жылдын 01-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган суммада кредит алган жана оор экономикалык кырдаалга туш болгон Банктын кардарлары аларды пайыздарды төлөөдөн бошотуу боюнча реестрге киргизүү жөнүндө арыз менен 2020-жылдын 05-декабрына чейин FINCA Банкка кайрыла алышат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрь айына, ошондой эле 2021-жылдын январь-февраль айларына пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоону пландаштырууда.
Арыз берүү жолдору:
1. Жазуу жүзүндөгү арыздар FINCA Банктын бардык кеңселеринде кабыл алынат;
2. Электрондук арыздарды кардарлар WhatsApp аркылуу өзүнүн кредиттик экспертине жөнөтө алышат.
Кардарларга ыңгайлуу болсун үчүн, арыздын шаблону Банктын www.FINCABANK.kg расмий сайтында жайгаштырылган же аны кредиттик экспертиңизден сурасаңыздар болот.
МААНИЛҮҮ! Эгерде карыз алуучунун бир же бир нече финансы уюмдарында 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө бир нече параллелдүү кредиттери бар болсо, анда бир гана кредити компенсацияланат, аны карыз алуучу өзү тандайт.
Эгерде суроолоруңуздар бар болсо, анда биздин маалымат борборубуздун 44-00 кыска номерине акысыз чалсаңыздар болот.