FINCA Банк өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүшүн ар кандай жолдор менен колдоп келет. Бул жолу биз ишкер айымдарды колдоп, Айымдардын ишкердүүлүк күнүнө карата уюштурулган «Айымдар Санарип Ишкердүүлүктө» Хакатондун расмий өнөктөшү болдук.
20-ноябрдан 22-ноябрга чейин электрондук коммерция жана санарип инструменттер жаатындагы эксперттер, насаатчылар жана спикерлер бир аянтта иш жүргүзүштү, кийинчерээк алар бизнесте алгачкы кадамын жасаган 80 катышуучуга өз өнүмдөрүн же кызматтарын онлайн мейкиндигине жайылтуу үчүн идеяларын жана инструменттерин ишке киргизүүгө жардам беришет.
Долбоордун бардык катышуучуларына мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Бизнесиңиздер өркүндөп, бекемдеп, пайда алып келсин!
SheStarts’ка кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.