Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндөн, 2019-жылдын 15-январынан тартып камсыздандыруу төлөмдөрүн башкарууну баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров 15-январда пресс-конференцияда маалымдады.

Анын айтмында, үстүбүздөгү жылдын 15-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруу функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Мамлекеттик салык кызматына өттү.

Ушуга байланыштуу, 15-январдан тартып камсыздандыруу полистерин жана юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктөрдү алуу үчүн аймактык салык органдарына (Бирдиктүү терезелерге), тейлөө борборлоруна жана патенттерди берүү пункттарына кайрылуулары керек.

Мында, 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер, анын ичинде 2018-жылдын декабрь айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору катталган жер боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына берилет, себеби, 2018-жылдын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан чыгарылат.

2019-жылдын январь айы үчүн отчет жана кийинки отчеттор ушул жылдын февраль айынан тартып аймактык салык органдарына берилүүгө тийиш.

Камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруу функциясын салык кызматына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул иш-чара юридикалык жана жеке жактардын административдик түйшүгүн азайтууга мүмкүндүк түзөт.

Алсак, салык төлөөчүлөргө бир мамлекеттик органга эки отчетту – салыктар боюнча отчетту жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчетту берүү ыңгайлуу болот, ошондой эле патенттен сырткары камсыздандыруу полисин да алууга болот. Мунун өзү ал процедураларга кеткен убакытты кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, текшерүүлөрдүн саны кыскарат. Себеби, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча текшерүүлөр бир контролдоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу боюнча бул иш-чаралардын бардыгы Кыргыз Республикасынын позициясын эл аралык «Doing Business» рейтингинде жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруу киреше салыгынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн толугу менен төлөнүшүн комплекстүү талдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, салык органдарынын учурдагы ыйгарым укуктарын эске алганда, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтуунун көбөйүшү жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруунун жаңы функциясын сапаттуу ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 240 кызматкери бүгүнкү күндөн тартып 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөткө Мамлекеттик салык кызматына убактылуу иштөөгө жиберилди. Бардык кызматкерлер иш орундары, компьютер жана иштөө үчүн зарыл болгон инвентарь менен камсыз болушту.

Кененирээк маалыматты 194 (Мамлекеттик салык кызматы) жана 1202 (Социалдык фонд) телефондору, ошондой эле www.sti.gov.kg жана www.sf.kg сайттары аркылуу алууга болот.

Маалымат Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алынды.