THE BANKER БАСЫЛМАСЫНЫН ВЕРСИЯСЫ БОЮНЧА

FINCA Банк Англиянын авторитеттүү “The Banker” журналы тарабынан Жылдын Банкы деп табылды!

Лондондо 2-декабрда болуп өткөн сыйлык тапшыруу аземинде сынактын уюштуруучулары FINCA Банк бир катар тармактардагы олуттуу ийгиликтери, натыйжалары жана ишке жаңычыл мамилелери үчүн “Жылдын банкы 2020” номинациясында жеңүүчү деп табылгандыгын белгилешти. Атап айтканда, Банктын мобилдик финансылык кызматтарды өнүктүрүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана айымдар үчүн атайын банк өнүмдөрүн ишке киргизүү боюнча жетишкендиктери белгиленди.
«The Banker» өз билдирүүсүндө FINCA 2020-жылы кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга басым жасап, чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Банк Кыргызстанда санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүү жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгын аныктады.

Мобилдик финансылык кызматтарды өнүктүрүү алыскы айыл жерлерине банк өнүмдөрүн жайылтууга жардам берди. Азыр банк планшеттердин жардамы менен насыя берүүнү сунуштайт, мында насыя кардардын бизнес жүргүзгөн (иштеген) жеринде каралат жана ал бир нече мүнөткө гана созулат. Бул насыя берүү процессин кыскартууга жана аны ыңгайлуу кылууга жардам берди. Мында, кардар насыя берилгенде гана бир эле жолу Банктын кеңсесине барат.

2020-жылы дагы бир ийгиликтүү ишке ашырылган долбоор – бул FINCA Dan мобилдик тиркемеси, ал Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча IFC (Эл аралык финансылык корпорация) долбоорунун катышуусу менен иштелип чыккан. Тиркеме колдонуучуларга финансылык максаттарына жетүү үчүн кирешелерин жана чыгашаларын көзөмөлдөөгө жардам берет. Геймификацияны колдонуп, Банк билим берүүчү тиркемени сунуш кылды, ал тиркеменин жардамы менен жеке каражаттарды башкаруунун негиздерин өздөштүрүүгө, пайдалуу кеңештерди алууга, ошондой эле ар кандай финансылык темалар боюнча колдонуучулардын билимин текшерүү үчүн тесттерден өтүүгө болот.

Банк айымдарга максаттарына жетүүгө жардам берүү зарылдыгын түшүнүп, атайын айымдар үчүн «Кыял» депозиттик өнүмүн да ишке киргизди. Эми айым кардарлар акча топтоонун негиздери боюнча билим алуу менен гана чектелбестен, депозит ачууда 3 пайыз бонуска да ээ болушат.

Мындай престиждүү сынакта жеңишке жетүү – бул FINCA Банктын ишинин натыйжаларынын эл аралык деңгээлде таанылганын билдирет. Бул биздин туура багытта баратканыбызды жана биздин команда үчүн мындан ары өнүгүүгө жакшы стимул экенин көрсөтөт.

Маалымат иретинде: The Banker журналы 1926-жылдан бери чыгып келе жатат, айына бир жолу чыгат, The Financial Times гезитине таандык. Негизги эл аралык финансылык жана экономикалык жаңылыктарды чагылдырат жана дүйнөлүк рыноктун тенденцияларына талдоо жүргүзөт. Атап айтканда, журнал жыл сайын дүйнөлүк банктардын ТОП-100 рейтингин түзүп турат.