5-май күнү Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган КРнын Конституция күнүнө жана Улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган чуркоо боюнча жарыш өткөрүлдү.

Биздин Банктын эки кызматкеринин жеңишке ээ болгону – бул FINCA Банк аталган иш чарага абдан активдүү катышкандыгынын далили. Башкармалыктын мүчөсү, Банк кызматтары боюнча Башкармалыктын жетекчиси Ассета Красножонова «35 жана андан жогорку жаштагы айымдар» категориясында 1 км аралыкка чуркоодо экинчи орунду ээледи, ал эми Дордой филиалынын кредит берүү бөлүмүнүн кызматкери, биз сыймыктанган Елена Плотникова «35 жашка чейинки айымдар» категориясында 1 км аралыкка чуркоодо экинчи орунга ээ болду.

Жарышка Улуттук банктын кызматкерлери жана 18 коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышышты жана жарыш жаш курак боюнча эки категорияда – 35 жашка чейин жана андан жогору категориясында айымдар жана мырзалар үчүн өткөрүлдү, ошондой эле мырзалардын жана айымдардын эстафетасы да өткөрүлдү.

Биз жеңүүчүлөрүбүздү жана бул жарышка катышкан бардык кызматкерлерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга кесиптик жеңиштерди да, спорттук жеңиштерди да каалайбыз!