«ФИНКА Банк» ЖАКы КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте «Социалдык төлөмдөр» долбоорунун алкагында жөлөкпул алуучуларды жана акчалай компенсацияларды алуучуларды банктык тейлөөгө кол койду. Бул келишим бизге FINCA ЭЛКАРТ картасын «Балага сүйүнчү» жөлөкпулдарын жана компенсацияларын алуу үчүн чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. 2018-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзам күчүнө кирген, ага ылайык бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «Балага сүйүнчү» жөлөкпулу төлөнөт.

Ошондой эле, Банк тарабынан мурда “Пенсионердин картасы” долбоорунун алкагында пенсионерлерди банктык тейлөөгө пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча Социалдык фонд менен келишим түзүлгөн, ал FINCA ЭЛКАРТ картасын пенсияларды чегерүү үчүн чыгарууга мүмкүндүк берет.

FINCA ЭЛКАРТ картасынын негизги артыкчылыктары:

Картаны чыгаруу, кайра чыгаруу – бекер;
Карталык эсеп боюнча каражаттардын калдыгына пайыздарды ай сайын кошуп эсептөө – 3%;
Кыргызстан боюнча банкоматтарда жана пос-терминалдарда каражаттарды накталоо – бекер;
Соода-сервистик ишканаларда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес төлөө – бекер.

Бул кызмат көрсөтүүлөр Банктын бардык филиалдарында жеткиликтүү.

Ошондой эле, FINCA ЭЛКАРТ картасынын ээлерине «Акча кайтарылат»! 10 000 СОМго чейин (кошо) карта менен соода кылганда, Сиз эсебиңизге кайра – 3% кэшбэк аласыз.

Акциянын мөөнөтү 01.10.2018 – 31.12.2018-ж.